Түркиянын борбору Анкарада көптөгөн жашыруун кенчтер бар » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Түркиянын борбору Анкарада көптөгөн жашыруун кенчтер бар



Анадолунун түшүмдүү жерлери менен курчалган азыркы Түркиянын борбору Анкара кылымдар бою көптөгөн цивилизациялардын мекени болуп келген. Түркиянын 100 жылдык борбору туристтерге байыркы эстеликтерден тартып азыркы архитектуралык кереметтерге чейинки көптөгөн жашыруун кенчтерди тартуулайт. Бул шаардын ар бир бурчунда сизди кызыктуу окуялар күтүп турат. Андыктан келиңиз Анкара шаарына экскурсия жасап, андагы кызыктар менен чогуу таанышалы…

Дүйнөлүк мурас

Өткөн жылы Түркиянын 20-маданий байлыгы Анкаранын Полатли районундагы кереметтүү байыркы Гордион шаары ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Болжол менен 4500 жыл бою тынымсыз жашаган Фригиянын саясий жана маданий борбору Гордион аймагы легендарлуу падыша Мидастын да мекени болгон. Анын мүрзөсү "Дүйнөдөгү үчүнчү чоң мүрзө" деп эсептелет.

Өлбөс лидердин катышуусундагы унутулгус саякат

Анкарадагы эң маанилүү жерлердин бири – Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн акыркы эс алуучу жайы Аныткабир. Анкаранын борборундагы Аниттепе шаарында жайгашкан бул заңгыраган мавзолей комплекси 750 000 чарчы метрди ээлейт. Үч негизги бөлүктөн турган, Арстан жолу, Салтанат аянты жана Ататүрк мавзолейи. Аны менен катар, Аниткабирде  Ататүрк жана көз карандысыздык согушу музейи жайгашкан, анда сиз Заманбап улуттун өнүгүшүнө күбө боло аласыз.

Шаардагы сиз билбеген белгилүү жерлер

Анкарадагы Ахи Шерефеддин мечити ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген Түркиянын 21-маданий мурастар эстеликтеринин бири. "Анатолиянын орто кылымдагы жыгач мамы жана балка мечиттери" деген аталышта "Дүйнөлүк мурас" деп аталган беш мечиттин бири болгон Ахи Шерефеддин мечити Түркиянын эң байыркы мечиттеринин катарында . Мечитке киргенде, 24 чоң жыгач мамыны көрөсүз.

Эски шаарды изилдөө

Ахи Шерефеддин мечитине баргандан кийин, Анкаранын панорамасынан ырахат алуу үчүн, жакынкы Анкара сепилине чыгыңыз. Алгач гарнизон катары курулган сепил шаардын көрүнүшүн камсыз кылган жана Анадолу цивилизацияларынын музейин, байыркы Анкара үйлөрүн, мечиттерди жана башка тарыхый эстеликтерди жайгаштырган популярдуу туристтик жай болуп саналат. Калейчи районунун чегиндеги аймакка да баруу керек, эки - үч кабаттуу жыгач жана кирпич  стилиндеги үйлөр тар көчөлөрү менен сизди кызыктырат. Аны менен катар, имараттардын көпчүлүгү мейманканаларга, сувенир дүкөндөрүнө, ошондой эле шаардын өзгөчө даамдарын көрсөткөн кафелерге жана ресторандарга айландырылган.

Өткөндүн изи менен…

Анкаранын асман тиреген көптөгөн курулуштарынын арасынан сиз,  этнография музейи,  живопись жана скульптура музейи жайгашкан республикалык имараттарды кыдырып көрө аласыз. Эгерде сизде Анадолунун кызыктуу маданий тарыхы жөнүндө билүү үчүн бир музейге барууга гана убактыңыз болсо, анда Анадолу цивилизацияларынын музейин карап көрүңүз. Музейдин таң калыштуу коллекциясы, оңдолуп-түзөлгөн жана кайра иштетилген эки тарыхый Осмон имаратында жайгашкан, палеолит доорунан баштап хронологиялык тартипте көрсөтүлгөн Анадолу аймагына мүнөздүү артефакттарды камтыйт. 1997-жылы Анадолу цивилизацияларынын музейи "Европадагы жылдын музейи" деп аталып, дүйнөдөгү эң алдыңкы музейлердин бири деп эсептелет. Мындан тышкары, бул Анатолиянын бай маданий тарыхы жөнүндө билүү үчүн эң сонун жер.

Даңктуу Рим мурасы

Анкарада ошондой эле Рим императору Юлианустун (361-363) Анкарага сапарынын урматына тургузулган Юлиан колоннасы да бар, анда көптөгөн Рим доорунан калган жерлерди көрүүгө болот. Ошондой эле 3-кылымда Рим императору Септимий Северустун уулу Каракалла тарабынан Ден соолуктун Кудайы Асклепийдин атынан курулган Рим мончолорун жана Рим императорунун аты менен аталган Август храмын да көрө аласыз.

Маданий Оазис

Аны менен катар сиз Анкарага болгон саякатыңызда, Анкара маданий борбору, ошондой эле Анкара опера театры, президенттик симфониялык оркестр (CSO Ada) жана CerModern сыяктуу маанилүү имараттарды да кыдырууга мүмкүнчүлүк аласыз. Анкара сепили менен Аниткабирдин ортосундагы шаардын жүрөгүндөгү Заманбап CSO Ada имаратына концертке барыңыз же шаардын заманбап жүзүн көрүү үчүн түштүктөгү Cermodernге барсаңыз да, сиздин эс алууңуз өзүңүз күткөндөн да жогору болот жана  саякатыңыз ырахаттануу менен жыйынтыкталат!!!

Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования Анкара, столица Турции, имеет множество скрытых сокровищ для исследования

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться