"Манас" университети өзбекстандык жаштарга сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштады » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

"Манас" университети өзбекстандык жаштарга сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштады

5-июнда Өзбекстандын борбор калаасы Ташкент шаарында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк университет тууралуу маалымат жыйын өткөрдү.

Ага абройлуу "Анадолу" агенттиги, TRT Avaz баш болгон медилар менен бирге Өзбекстандын мамлекеттик каналдары жана ЖМК өкүлдөрү, Азербайжандын маалымат агенттиктери жана көптөгөн журналисттер катышты. Алар "Манас" университети тууралуу маалымат жыйынды чагылдырып беришти.

Маалым жыйындын башында ректор Алпаслан Жейлан "Манас" университети тууралуу презентация жасап, университеттин Түрк дүйнөсүндөгү, Орто Азиядагы маанилүү ролу жана бүгүнкү күнгө чейин аткарылган иштер тууралуу баяндама жасады.

"Биздин Ташкент шаарына келишибиздин негизги максаты өзбекстандык жаштар үчүн Орто Азиядагы алдыңкы университеттердин бири болгон "Манас" университетинде акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгүн берүү болуп саналат. Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы "алтын көпүрө" болгон университетибизде 20га жакын өлкөдөн келген 6500 миңден ашуун студент акысыз билим алууда. Университетибиз 12 факультет, бир жогорку мектеп, бир кесиптик мектептен туруп, студенттердин билим алуусу үчүн бардык заманбап шарттар камсыз кылынган. Албетте, мыкты окуган жаштарыбыз үчүн стипендия да төлөнөт. Биздин университет дүйнөдөгү эң мыкты 1000 университеттин катарында жана биз бул көрсөткүч менен токтоп калбай жогорку денгээлге чыгуу максатын койгонбуз",- деди ректор.

Ректор Алпаслан Жейлан "Манас" университетинде билим алган өзбек жаштарынын саны жетишсиз экенин белгилеп төмөнкүлөргө токтолду: "Бизди "Манас" университетинде билим алган өзбекстандык жаштардын саны канааттандырган жок. Боордош Өзбекстандан 100дөн ашуун студент билим алат. Биз бул көрсөткүчтүн көп болушун каалайбыз. Ошондуктан сапаттуу билим берген, Түрк дүйнөсүнүн уюткусу болгон "Манас" университетинде көп сандаган өзбек жаштарынын да билим алышына тилектешпиз".

Ректор мындан тышкары Түрк дүйнөсүнүн жаңы доору башталганын белгилеп, "Манас" университетин жаңы доордо түрк жаштарынын билим ордосуна айлантуу негизги максаттардан экенин кошумчалады.



Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi Özbekistan’da Rektör Prof. Dr. Alpaslan Ceylan tarafından tanıtıldı.

Taşkent’teki bir otelde düzenlenen, Özbek ve Türk basınından pek çok kişinin katıldığı tanıtımda Rektör Prof. Dr. Alparslan Ceylan ve Rektör Yardımcısı Prof. Dr. Mehmet Sezai Türk katılımcılara üniversite hakkında geniş bilgi verdi.

Toplantıda konuşan Prof. Dr. Alpaslan Ceylan, 6 bin 500’den fazla öğrencinin öğrenim gördüğü Manas’ın Orta Asya’daki saygın üniversitelerden biri olduğunu belirtti ve dünyadaki en iyi 1000 üniversite arasında yer aldığını vurguladı.

Prof. Dr. Ceylan, Üniversitede Kırgızistan, Türkiye ve Türk Dünyası başta olmak üzere 20’ye yakın ülkeden öğrencinin eğitim aldığı bilgisini paylaşarak, bünyesinde 12 fakülte, bir yüksekokul, bir meslek yüksekokulunun faaliyet gösterdiği Manas Üniversitesi’nin Türkiye’deki ve Kırgızistan’daki devlet üniversiteleri ile aynı statüde olan özerk bir yükseköğretim kurumu olduğuna dikkat çekti.

Ceylan Üniversitede öğretimin ücretsiz olduğunu, koşulları karşılamaları durumunda çeşitli burslar alabilen öğrencilerin çok geniş imkânlarla geleceğe hazırlandığını dile getirdi.

Rektör Alpaslan Ceylan, Üniversitede 100’den fazla Özbek öğrencinin yükseköğrenim gördüğünü, Özbekistan’dan başarılı gençlerin ilk adresinin Manas Üniversitesi olmasını umduklarını söyledi ve “Bizler Özbekistan’dan gelecek öğrencilerimizi en üst seviyede eğiteceğiz ve onların ülkelerine, Türk Dünyası’na ve insanlığa faydalı olmalarını sağlayacağız.” diye konuştu.

Yoğun ilgi gören toplantı hem Özbek hem de Türk medyasında geniş yer etti.


Загрузка плеера...


"Манас" университети өзбекстандык жаштарга сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштады "Манас" университети өзбекстандык жаштарга сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштады "Манас" университети өзбекстандык жаштарга сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштады "Манас" университети өзбекстандык жаштарга сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштады

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться