“Манаста” Орозо айт майрамы белгиленди » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Манаста” Орозо айт майрамы белгиленди



Рамазан айы аяктап, окуу жайда Орозо айт майрамы белгиленди. Орозо айт мусулмандар үчүн өзгөчө майрам. Майрамга байланыштуу теология факультетинин Абдулкерим Сатук Буура Хан атындагы мечитинде жүздөгөн адамдардын жана КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурлан Шакиев жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда окулган айт намазынан кийин университеттин жетекчилиги тарабынан студенттерге эртең мененки майрамдык тамак тартууланды.

Андан соң “Манас” университетинин академиялык жана административдик кызматкерлери ректорат тарабынан уюштурулган чай бакчасындагы дасторкон үстүндө даам сызышып, Орозо айтын майрамдашты.

Университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректору, э.и.к Бактыгүл Каламбекова КТМУнун кызматкерлерин Орозо айт майрамы менен куттуктап, тынчтык жана бейпилчилик каалады.

Окуу жайдын кызматкерлери бири-бирин Орозо айт майрамы менен куттукташып, каалоо-тилектер айтышты.


Загрузка плеера...


Manas’ta Bayram Buluşması Manas’ta Bayram Buluşması Manas’ta Bayram Buluşması Manas’ta Bayram Buluşması Manas’ta Bayram Buluşması Manas’ta Bayram Buluşması Manas’ta Bayram Buluşması Manas’ta Bayram Buluşması Manas’ta Bayram Buluşması Manas’ta Bayram Buluşması Manas’ta Bayram Buluşması Manas’ta Bayram Buluşması Manas’ta Bayram Buluşması Manas’ta Bayram Buluşması Manas’ta Bayram Buluşması

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться