Ректор зилзаладан үй-бүлөлѳрү жана жакындары жабыркаган студенттер менен жолукту » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Ректор зилзаладан үй-бүлөлѳрү жана жакындары жабыркаган студенттер менен жолукту



Үстүбүздөгү жылдын 18- апрелинде Кыргыз-Түрк “ Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Түркиядагы жер титирөөлѳрдүн кесепетинен үй-бүлөлѳрү жана жакындары жабыркаган студенттер менен иш кабинетинде жолукту.

Жолугушууда ректор оор кырдаалды башынан ѳткѳрсѳ да, окууларын таштабай улантып жаткан студенттер үчүн кубанганын билдирди жана студенттерге акчалай жардам кѳрсѳтүү менен окуу жылындагы бардык муктаждыктары каржыланып, атап айтканда, кийим-кече, тамак-аш жагынан колдоо болорун айтты.

Белгилей кетсек, 6-февралда Түркиядагы жер титирѳѳ катталган күндѳн баштап Кыргыз-Түрк “Манас” университети зилзаладан жабыркагандарга жардам берүү иш-чараларын жүргүзүп баштаган.

Жабыркагандар үчүн керектелүүчү буюм-тайымдар чогултулуп, жардам ѳнѳктүгү ачылган. Мындан тышкары жер титирѳѳ болгон аймактардан келип окуган жана жакындары жабыркаган студенттерге материалдык жактан да, моралдык жактан да колдоо кѳрсѳтүлдү.


Загрузка плеера...


Ailesi Depremden Etkilenen Öğrencilere Destek Devam Ediyor Ailesi Depremden Etkilenen Öğrencilere Destek Devam Ediyor

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться