Студенттерибиз “КМШнын мыкты студенти - 2023” наамына татыктуу болушту » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Студенттерибиз “КМШнын мыкты студенти - 2023” наамына татыктуу болушту



Казакстандын жалпы улуттук “Бобек” кыймылы, жаш окумуштуулардын эл аралык ассоцияциясы (Казакстан, Нур-Султан) тарабынан уюштурулган сынакка КМШнын жогорку окуу жайларынын студенттери катышты. Сынакта студенттердин илим, искусство, спорт жана башка багыттар боюнча ийгиликтүү жана жигердүү иш-аракеттери каралды.

Жыйынтыгында, коммуникация факультетинин 4-курсунун студенти Гүлдана Нурмухаммад кызы менен журналистика бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Элиза Бекишова I даражадагы диплом жана “КМШнын мыкты студенти – 2023” медалы менен сыйланышты.

Ошондой эле студенттерге жетекчилик кылган доцент Ниязи Айхан менен ага окутуучу Топчугүл Нармаматова ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.

Студенттерибизди жана жетекчилерин сыйлыгы менен куттуктап, окууларында жана иштеринде чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.

İLEF Öğrencileri BDT’nin En İyi Öğrencileri Seçildi İLEF Öğrencileri BDT’nin En İyi Öğrencileri Seçildi İLEF Öğrencileri BDT’nin En İyi Öğrencileri Seçildi

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться