Ректор студенттер менен бирге ооз ачты » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Ректор студенттер менен бирге ооз ачты



Ыйык Орозо айында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан студенттер үйүнө барып, студенттер менен бирге ооз ачты.

Ректор Ислам дининде ырыскыны бөлүшүү, бир туугандардын дасторкондон чогуу даам сызып туруусу абдан маанилүү экенин айтып, өзүнүн студенттик кезиндеги күндөрүн эске салды жана келечекте студенттер үчүн дагы жакшы шарттар түзүлѳѳрүн айтты.

Студенттер ректордун меймандостугуна, аларга кѳрсѳткѳн аталык камкордугуна чын ыкластан ыраазы болушту. Ошону менен катар ачык асман алдындагы ооз ачуу аземи алардын кѳңүлүн кѳтѳргѳнүн жана жогорку даражалуу адамдар менен баарлашып, бир дасторкондо даам татканын кубануу менен белгилешти.

Ошондой эле студенттер сезимдери менен бөлүшүп жатып, “Манас” университетинен ар дайым өзгөчө жылуулукту, сүйүүнү, бир туугандыкты жана орозо айында береке тартуулаган биримдикти сезип жаткандарын да жашырышкан жок.

Rektör Ceylan İftarda Öğrenci Evine Konuk Oldu Rektör Ceylan İftarda Öğrenci Evine Konuk Oldu

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться