Боордоштукту бекемдеген ооз ачуу жөрөлгөсү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Боордоштукту бекемдеген ооз ачуу жөрөлгөсү



Кыргыз-Түрк “Манас” университети жыл сайын орозо айында  ооз ачуу иш-чарасын уюштуруп келет. Бул жолу аталган иш-чарага 2800 адам катышты. Университеттин студенттери менен катар жер-жерлерден меймандар чакырылды. Ооз ачарга Министрлер Кабинетинин төрагасы А.Жапаров, Билим берүү жана илим министри К.Иманалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана илим, маданият ишмерлери, массалык маалымат өкүлдөрү катышты.

    Университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан “Ооз ачуу иш-чарасына республиканын аймактарынан да чакырганбыз. Жалпысынан 3000ге чамалаш мейман келди. Баарынан да студенттерибиз жогорку даражалуу адамдар менен бир жерде отуруп, даам татышты. Ислам дининде ырыскыны бөлүшүү, бир туугандардын дасторкондон чогуу даам сызып туруусу абдан маанилүү экени айтылат. Мындай жолугушуулар эки элдин биримдигин, ынтымагын жана түбөлүк достугун ого бетер бекемдетет”-деди.

      Ачык асман алдындагы ооз ачуу аземи жаштардын көңүлүн көтөрүп, кандайдыр жылуу сезимди козгоп койду. Анткени, даражалуу адамдар менен студенттерге бирдей менюдагы тамак-аш берилип, чоң-кичинеге ажыратылган жок. Ооз ачардан кийин студенттер белгилүү инсандар менен сүрөткө түшүп, кол тамга алып жакындан баарлашууга шарт болду. Мындай жагымдуу маанай эки элдин кызматташтыгын жана ынтымагынын  күчтөндүрөөрүнө шек жок.      

Manas’ta Geleneksel Sokak İftarı Manas’ta Geleneksel Sokak İftarı Manas’ta Geleneksel Sokak İftarı Manas’ta Geleneksel Sokak İftarı Manas’ta Geleneksel Sokak İftarı Manas’ta Geleneksel Sokak İftarı Manas’ta Geleneksel Sokak İftarı Manas’ta Geleneksel Sokak İftarı Manas’ta Geleneksel Sokak İftarı Manas’ta Geleneksel Sokak İftarı Manas’ta Geleneksel Sokak İftarı Manas’ta Geleneksel Sokak İftarı Manas’ta Geleneksel Sokak İftarı Manas’ta Geleneksel Sokak İftarı Manas’ta Geleneksel Sokak İftarı Manas’ta Geleneksel Sokak İftarı Manas’ta Geleneksel Sokak İftarı Manas’ta Geleneksel Sokak İftarı Manas’ta Geleneksel Sokak İftarı Manas’ta Geleneksel Sokak İftarı Manas’ta Geleneksel Sokak İftarı Manas’ta Geleneksel Sokak İftarı Manas’ta Geleneksel Sokak İftarı Manas’ta Geleneksel Sokak İftarı Manas’ta Geleneksel Sokak İftarı

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться