Төрага Нурланбек Шакиев Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ишмердүүлүгү менен таанышты » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Төрага Нурланбек Шакиев Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ишмердүүлүгү менен таанышты



Үстүбүздөгү жылдын 23-мартында Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргыз-Түрк “Манас” университетине келип, окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Төрага Нурланбек Шакиевди жана аны коштоп келген Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровду университеттин ректору Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор Бактыгүл Каламбекова жылуу тосуп алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө делегация өкүлдөрү окуу жайдын факультеттери, илимий-изилдөө жана өндүрүштүк лабораториялары, китепкана, теле жана радио студиялары, ветеринардык клиника жана студенттер үйүн кѳрүп, андагы техникалык база жана түзүлгѳн шарттар тууралуу маалымат алышты.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан  Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган дегегация өкүлдөрүн университетте тосуп алуу сыймык экенин айтып, Түркия мамлекети башынан кечирип жаткан кыйын күндөрдө кол сунуп жардам көрсөткөн кыргыз элине, Президент С.Жапаровго, КРнын Жогорку Кеңешине жана эл өкүлдөрүнө бир туугандык колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

“Сиздерди куттуу университетибизде көрүп отурганыбызга абдан кубанычтабыз. Кыргыз-Түрк “Манас” университети бир гана билим берүү менен чектелбестен, жоопкерчиликтүү мекеме катары да коомго пайдалуу иштерди жасоого багытталган бир топ демилгелүү долбоорлордун үстүндө иштеп келе жатат.

Айта кетсек, бүгүнкү күнү айыл жергелерин кыдырып, окуу жайыбызды таанытуу менен бирге социалдык жактан жардам көрсөтүүнү да улантуудабыз. Ошондой эле айыл чарба багытындагы 70 гектардык жердин долбоору бар, ал боюнча Жогорку Кеңештин чечимин күтүп жатабыз. Мындан тышкары Кыргызстандын экономикасына салым кошо турган университеттин эң чоң проектилеринин бири - бул заманбап Технопарк түзүү боюнча даярдалган мыйзам долбоору. Учурда бул долбоор КРнын Билим берүү жана илим министрлигинде каралууда. Буюрса, жакында Жогорку Кеңешке келет деп ишенем жана урматтуу Президентибиздин жана сиздердин колдооңуздарды күтөбүз”, -деп айтып келип,

 

 

 

“Биз ар дайым окуу жайыбыздын жетишкендиктери менен сыймыктанабыз. Айта кетсек, Кыргыз-Түрк “Манас” университети QS (Quacquarelli Symonds) версиясы боюнча дүйнөдөгү университеттердин рейтингинде эң мыкты 1422 университеттин ичинде 801-орунга ээ болгон. Биз буну менен токтоп калбайбыз, келечекте факультеттердин жана студенттердин санын көбөйтүү менен 2024-жылы дүйнөдөгү 500 университеттин катарына кирүүнү максат кылдык. Ошондой жакында эле Кыргыз-Түрк “Манас” университети 2023-жылы QS Дүйнөлүк рейтингине ылайык, заманбап тил боюнча билим берүүдө дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин бири болуп аныкталып, предмет боюнча QS Дүйнөлүк университеттердин рейтингинде 301-340 орунду ээледи. Ал эми Борбор Азия боюнча 13-орунда экенбиз, келечектеги максатыбыз 1-орунга чыгуу болуп эсептелет. Университетте тилди үйрөтүп окутууда, айрыкча кыргыз тилин окутууга чоң маани берилип келет”, -деди ректор.

Андан кийин университеттин биринчи проректору, э.и.к Бактыгүл Каламбекова Жогорку Кеңештин Тѳрагасы баштаган делегация ѳкүлдѳрүн атайын кѳңүл буруп университеттин ишмердүүлүгү менен таанышууга келгенин абдан кубануу менен кабыл алганын билдирди:

“Кыргыз-Түрк “Манас” университети Түркия менен болгон достуктун жана кызматташтыктын алтын кѳпүрѳсү болуп келе жатат. Ѳзүңүздѳр кѳргѳндѳй бүгүнкү күндѳ “Манас” университети Кыргызстанда эле эмес, эл аралык рейтингде дүйнѳдѳгү эң алдыңкы университеттердин катарына кирип, биз сыймыктанган билим берүүнүн ири кадыр-барктуу борборуна айланды. Университеттин дагы алдыда жасай турган иштери абдан кѳп, окуу жайыбыз кыргыз жана түрк мамилелери эле эмес, жалпы Түрк дүйнѳсүнүн ѳсүп-ѳнүгүшүнѳ олуттуу салымын кошо беришине жана бул багытта Нурланбек Тургунбекович бизге колдоо көрсөтөѳрүнө терең ишенебиз”, -деди.

Окутуучулар жамааты жана студенттери менен өткөрүлгөн жолугушууда Төрага Нурланбек Шакиев кыргыз-түрк кызматташтыгына көпүрө болгон окуу жайдын ишмердүүлүгүнө жогору баасын берди.

“Университеттеги заманбап материалдык-техникалык база жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар Кыргызстандагы алдыңкы билим берүү мекемеси экенин айгинелеп турат. Айрыкча, “Манас” илим менен таржыйба айкалыштырып жүргүзүлгөн окуу ыкмасы жана коррупциялык көрүнүштөрдүн жоктугу менен өзгөчөлөнүп келет”, – деди.

Муну менен катар билим берүү жаатындагы маселелерге токтолгон Төрага: “Биздин келечегибиз билимге гана байланган. Аталган тармак аксап турса, өлкөнү өнүктүрүү мүмкүн эмес. Андыктан, билим берүүгө көрсөтүлгөн колдоо, келечекке жасалган инвестиция экенин эске алып, комплекстүү реформаларды ишке ашырышыбыз кажет. Бул жааттан алганда “Манас” университети көпчүлүк окуу жайлар үчүн үлгү”, – деп кошумчалады.

Жыйын суроо-жооп иретинде уланып, окутуучулар жана студенттер тарабынан бир катар сунуш-пикирлер айтылды. Анын ичинен окуу жайга мамлекеттик макам ыйгаруу, дипломдордун жана илимий даражалардын Кыргызстан менен Түркияда бирдей таанылышын камсыздоо, өлкө боюнча студенттер үчүн социалдык жеңилдиктерди берүү маселеси көтөрүлдү.

Төрага Нурланбек Шакиев айтылган бардык маселе эске алынып, тиешелүү мекемелер менен бирге керектүү иштер жүргүзүлөрүн белгиледи.


Загрузка плеера...


Meclis Başkanı Şakiyev, Manas Üniversitesi’ni Ziyaret Etti

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться