Элчи Түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоого чакырды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Элчи Түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоого чакырды



Үстүбүздөгү жылдын 14-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Догандын катышуусунда “Түрк дүйнөсүндөгү биримдик” аталышында семинар болуп ѳттү.

Иш-чара университеттин Орто Азия изилдөө борбору тарабынан уюштурулду.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган “Түрк дүйнөсүндөгү биримдик” аталышындагы баяндамасында түбү бир түрк элдеринин негизги баалуулуктары, тарыхы, тили, дини жана маданияты түрк тилдүү ѳлкѳлѳрдүн биримдигин жана достугун чыңдоодо ѳзгѳчѳ мааниге ээ экендигин баса белгилеп, орток баалуулуктарыбызды сактоо менен түрк элдеринин келечегин аныктап, биримдигин жана эгемендүүлүгүн бекемдей алабыз деди.

Ошондой эле элчи Түркия башынан кечирип жаткан оор учурда Кыргызстан биринчилерден болуп колун сунганын жана эң акыркылардан болуп мекенине кайтканын баса белгилеп, кыргыз жана түрк элдеринин ортосунда бир туугандык сезими жогору экенинин беса белгиледи.

Семинардын соңунда кыргыз-түрк достугунун жанан кызматташтыгынын символу болгон -  Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бүгүнкү күндѳгү эл аралык жетишкендиктерин сыймыктануу менен айтып, Кыргызстандын эң алдыңкы жогорку окуу жайында билим алып жаткан студенттерди жакшы окууга жана келечекте түрк дүйнѳсүнүн ѳсүп-ѳнүгүшүнѳ жана биримдигин чыңдоого салымын кошууга чакырды.

Ошону менен бирге элчи университеттин жетекчилигине студенттер арасындагы атаандаштыкты күчөтүү максатында жыл сайын алдыңкы студенттерди Стамбулга жана Түрк мамлекеттер уюмунун катчылыгына алып барууну сунуштады.

Кызыктуу баяндамасы үчүн элчи Ахмет Садык Доганга университеттин атынан ыраазычылык баракчасы тапшырылды.


Загрузка плеера...


Büyükelçi Doğan, Manas’ta Konferans Verdi Büyükelçi Doğan, Manas’ta Konferans Verdi Büyükelçi Doğan, Manas’ta Konferans Verdi Büyükelçi Doğan, Manas’ta Konferans Verdi Büyükelçi Doğan, Manas’ta Konferans Verdi Büyükelçi Doğan, Manas’ta Konferans Verdi Büyükelçi Doğan, Manas’ta Konferans Verdi Büyükelçi Doğan, Manas’ta Konferans Verdi Büyükelçi Doğan, Manas’ta Konferans Verdi Büyükelçi Doğan, Manas’ta Konferans Verdi

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться