Ветеринария факультетинде дагы бир жакшы жаңылыкВетеринария факультетинде дагы бир жакшы жаңылык » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Ветеринария факультетинде дагы бир жакшы жаңылыкВетеринария факультетинде дагы бир жакшы жаңылык



Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ветеринария факультети алдыңкы кызматтарды көрсөтүүнү улантууда.

Жакында эле университеттин ветеринария факультетине оор жаракат алган мышык жеткирилип, диагноздоо учурунда анын дем алуу жана тамак сиңирүү системасы бузулганы аныкталган эле. Аталган факультеттин тажрыйбалуу адистеринин жардамы менен жаныбарга операция жүргүзүлүп, тийиштүү дарылоодон ѳткѳн. Учурда мышыктын жарааты айыгып, кадимкидей жашоосун улантууда.

Ветеринария факультетинин жетишкендиги болуп анын заманбап техникалык жабдуулар менен жабдылышы жана жогорку квалификациялуу адистер менен камсыз болушу саналат. Ошентип “Манас” университетинин ветеринардык факультети алгачкылардан болуп Кыргызстанда оор жаракат алган жаныбарларды дарылай алган факультет болуп калды.

Белгилей кетсек, ветеринария факультети ѳлкѳдѳ жана эл аралык деңгээлде да маанилүү долбоорлорду ишке ашырып келүүдѳ.


Загрузка плеера...


Veteriner Fakültesi Alanında Yine Öncü Veteriner Fakültesi Alanında Yine Öncü Veteriner Fakültesi Alanında Yine Öncü Veteriner Fakültesi Alanında Yine Öncü

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться