КТМУ Наманган курулуш-инженердик инстуту менен кызматташат » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КТМУ Наманган курулуш-инженердик инстуту менен кызматташат



2023-жылдын 10-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана Өзбекстандын Наманган курулуш-инженердик институту ортосунда кызматташуу келишими түзүлдү.

Келишимге Наманган курулуш-инженердик институтунун окуу иштери боюнча проректору Кахрамон Инаятов жана КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректору Бактыгүл Каламбекова кол койду.

Келишимде студенттер менен окутуучулардын арасында академиялык мобилдүүлүк, илимий сапарларды, стажировкаларды, кесипти жогорулатуу курстарын уюштуруу, конок лекцияларды окуу, тренингдерди өткөрүү үчүн белгилүү илимпоздор менен адистерди чакыруу, окуу программаларын алмашуу, илимий долбоорлорду ишке ашыруу, конференцияларды, семинарларды, тегерек столдорду уюштуруу аркылуу эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган.

Иш-чаранын алкагында Наманган курулуш-инженердик институтунун делегациясынын жана КТМУнун илимий-окутуучулук курамы менен жолугушуусу өткөрүлүп, окуу жайдын факультеттери, илимий-изилдөө жана өндүрүштүк лабораториялары менен таанышуу уюштурулду.


Загрузка плеера...


Namangan Enstitüsü İle İş Birliği Namangan Enstitüsü İle İş Birliği Namangan Enstitüsü İle İş Birliği Namangan Enstitüsü İle İş Birliği Namangan Enstitüsü İle İş Birliği Namangan Enstitüsü İle İş Birliği Namangan Enstitüsü İle İş Birliği Namangan Enstitüsü İle İş Birliği

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться