КТМУ менен Түркмөнстан элчилиги ортосундагы маданий байланыштар талкууланды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КТМУ менен Түркмөнстан элчилиги ортосундагы маданий байланыштар талкууланды



Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Шадурды Мередов Кыргыз-Түрк «Манас» университетине иш сапары менен келип, окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолукту.

Жолугушууда Түркмөнстандын маданий баалуулуктарын жаштарга таанытуу боюнча пикир алышып, биргеликте жасала турган долбоорлорду ишке ашырууну макулдашты. Ошондой эле университет менен биргеликте Түркмөнстандын белгилүү акыны Махтумкулу Фиракинин ырларын которуу жана аны басып чыгаруу пикири да айтылды.

Элчи Шадурды Мередов Түркмөнстан жаштарына эл аралык деңгээлде жогорку билим алууга мүмкүнчүлүк берген “Манас” университетине жогору баа берип, КТМУга Түркменистандан кѳбүрѳѳк жаштарды алып келүү оюн билдирди.

Ал эми ректор Алпаслан Жейлан бүгүнкү күндѳ маданият элдердин ортосундагы алтын кѳпүрѳ экенин эске алып, маданий кызматташтыкты жакшыртуу жана аны жаштарга кеңири таанытуу учурдун талабы экендигин баса белгилеп, түрк элдеринин тарыхый жана маданий мурастарын таанытууга багытталган долбоорлорду ишке ашырууда ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Manas’tan Türkmenistan’ın Kültür Mirasına Hizmet Manas’tan Türkmenistan’ın Kültür Mirasına Hizmet Manas’tan Türkmenistan’ın Kültür Mirasına Hizmet

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться