Университеттин жетекчилери билим берүү министри менен жолугушту » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Университеттин жетекчилери билим берүү министри менен жолугушту



2023-жылдын 9-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, э.и.к Бактыгүл Каламбекова жумушчу иш сапары менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде болду.

Университеттин жетекчилери Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев менен жолугушуп, Кыргызстанда жогорку окуу жайларда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана “Манас” университетинин ийгиликтери, келечектеги ой-максаттары жѳнүндѳ кенен пикир алышты. Ошондой эле университеттин Технопаркынын юридикалык иштерин тездетүү жѳнүндѳ да сѳз болду.

Министр К.Иманалиев КТМУнун биринчи проректорлук кызматына дайындалган Б.Каламбекованы жаңы жумуш орду менен куттуктап, кыргыз-түрк мамилелериндеги билим берүү тармагынын маанилүүлүгүн белгиледи.

 Ошондой эле “Манас” университетинин билим берүү тармагындагы, айрыкча ѳлкѳнү эл аралык деңгээлге алып чыгышындагы ордун ѳзгѳчѳ белгилеп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги окуу жайдын иштерине ар дайым колдоо кѳрсѳтѳѳрүн кошумчалады.

Мындан тышкары үстүбүздөгү жылдын 27-мартында Кыргызстанда өткөрүлө турчу «Ректорлор форумунда» “Манас” университети үлгү катары көрсөтүлѳрүн айтып, ректордон аталган форумда университеттин эл аралык рейтингге кирген тажрыйбасы тууралуу айтып берүүсүн ѳтүндү жана университеттин Технопаркына керектүү чараларды тез арада чечүүгѳ убада берди.

Жолугушууда университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жакында министр кызматына дайындалган К.Иманалиевди жаңы кызматы менен куттуктап, жооптуу ишине ийгиликтер каалады жана билим берүү тармагынын ѳсүшүнѳ чоң салым кошооруна болгон ишенимин билдирди.

Ректор пандемия учурунда университеттин “Медиа Манас” медиа борбору тарабынан орто мектептер үчүн телесабактар даярдоодо кошкон салымын айтып, мындан ары да министрлик менен университеттин ортосундагы ѳз ара кызматташтык үзүрлүү улантыларын билдирди.

Eğitim ve Bilim Bakanı İmanaliyev’e Ziyaret Eğitim ve Bilim Bakanı İmanaliyev’e Ziyaret

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться