Эл аралык деңгээлдеги долбоорлорду ишке ашырууга багытталган жыйын болуп ѳттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Эл аралык деңгээлдеги долбоорлорду ишке ашырууга багытталган жыйын болуп ѳттү



Үстүбүздөгү жылдын 7-мартында биринчи жолу дисциплиналар аралык кызматташтыкка негизделген эл аралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин стратегиялык иш-аракеттер планынын долбоорун талкулоо боюнча жыйын өттү.

Жыйын университеттин биринчи проректору, э.и.к Бактыгүл Каламбековнын тѳралыгында ѳтүп, ага экономика жана башкаруу бөлүмүнүн деканын м.а Серхат Бурмаоглу, ветеринардык факультетинин деканын м.а Исмаил Шен, айыл чарба факультетинин деканын м.а Атилла Дурсун, инженердик факультетинин деканын м.а Нурзат Тотубаева катышты.

Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен биргеликте долбоорлорду ишке ашырууну максат кылган бул жыйында эл аралык деңгээлде ийгиликтүү дисциплиналар аралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн факультеттер жана кафедралар боюнча долбоордук топторду түзүү чечими кабыл алынды.

Ошондой эле буга чейин БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму менен кѳптѳгѳн ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырууга катышып келген окуу жайдын айыл чарба факультетинин өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн башчысы, профессор Тинатин Дөөлөткелдиеванын тажрыйбасы менен бөлүшүү жана долбоордун топторуна багыт берүүчү тренинг-семинарларды ѳтүү чечими да кабыл алынды.

Жолугушуунун жыйынтыгында университеттин биринчи проректору, э.и.к Бактыгүл Каламбекова ѳнүктүрүүгѳ багытталган долбоорлорду ишке ашырууда ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Uluslararası Düzeyde Disiplinlerarası Projelere Başlanıyor Uluslararası Düzeyde Disiplinlerarası Projelere Başlanıyor Uluslararası Düzeyde Disiplinlerarası Projelere Başlanıyor Uluslararası Düzeyde Disiplinlerarası Projelere Başlanıyor Uluslararası Düzeyde Disiplinlerarası Projelere Başlanıyor Uluslararası Düzeyde Disiplinlerarası Projelere Başlanıyor Uluslararası Düzeyde Disiplinlerarası Projelere Başlanıyor

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться