Семинар: “Инженер-кыздарды колдоо” » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Семинар: “Инженер-кыздарды колдоо”



Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде студенттерди ар тараптуу өнүктүрүүгѳ багытталган пайдалуу долбоорлор ишке ашырылып жатат.

“Манас” университети Түркия Республикасынын Үй-бүлө жана социалдык кызматтар министрлиги жана БУУнун Өнүктүрүү программасы менен биргеликте “LIMAK” фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан “Түркиянын инженер кыздары” долбооруна  катышууда.

Аталган долбоорго инженердик тармакта жогорку сапатта билим берген окуу жайлар гана катыша алат.

Анын максаты – инженердикке кызыккан кыздарга колдоо кѳрсѳтүү жана ѳлкѳнүн экономикалык жана социалдык мүмкүнчүлүктѳрүн кеңейтүүгѳ салым кошуу болуп саналат. Инженер болом деген кыздар чоң долбоордун алкагында билиминин ар кандай этаптарында түрдүү жолдор менен колдоого алынат.

Долбоордун алкагында 2023-жылдын 6-март күнү  университеттин инженердик, экономика жана башкаруу факультети биргеликте уюштурган “Инженер-кыздарды колдоо” темасында семинар болуп өттү.

Семинарда инженердик факультетинин деканы, доцент Нурзат Тотубаева, электротехника жана электроника бөлүмүнүн башчысы Өзгүр Салор-Дурна жана экономика жана башкаруу факультетинин деканынын орун басары Сезер Бозкуш Кахьяоглу студенттерге долбоор тууралуу кенен маалымат беришти.

Семинардын соңу суроо-жооп форматында уланды.


Загрузка плеера...


Manas’ın Öğretim Kalitesi Öğrencilere Fırsatlar Oluşturuyor Manas’ın Öğretim Kalitesi Öğrencilere Fırsatlar Oluşturuyor Manas’ın Öğretim Kalitesi Öğrencilere Fırsatlar Oluşturuyor Manas’ın Öğretim Kalitesi Öğrencilere Fırsatlar Oluşturuyor Manas’ın Öğretim Kalitesi Öğrencilere Fırsatlar Oluşturuyor Manas’ın Öğretim Kalitesi Öğrencilere Fırsatlar Oluşturuyor

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться