Зилзаладан жабыркагандарга жардам кѳрсѳткѳндүгү үчүн А.Бабатаев сыйланды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Зилзаладан жабыркагандарга жардам кѳрсѳткѳндүгү үчүн А.Бабатаев сыйланды



2023-жылдын 2-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин философия бөлүмүнүн ага окутуучусу Абдирашит Бабатаев Түркиядагы жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам көрсөткөндүгү үчүн “Манас” университетинин төш белгиси менен сыйланды.

Университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан төш белгини сый-урмат менен тагып жатып: “Түркиянын башына түшкөн оор учурларда “Манас” үй-бүлөсүнүн баа жеткис көргөзгөн жардамы жана Абдирашит Бабатаевдин академиялык иштеринен алган каражатынын баарын Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам иретинде которгону үчүн ыраазычылыгымды билдирем”, -деди.

Ага окутуучу А.Бабатаев ѳз сѳзүндѳ оор күндөрдө боордошторго жардам көрсөтүү ѳзүнүн милдети катары санап, жаштарга жакшы иштер менен үлгү болууну каалаганын айтты.


Загрузка плеера...


Depremzedeler İçin Anlamlı Bağış Depremzedeler İçin Anlamlı Bağış

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться