Жогорку Кеңеште “Манас” университетине карата мактоо сөздөр айтылды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Жогорку Кеңеште “Манас” университетине карата мактоо сөздөр айтылды



Үстүбүздөгү жылдын 1-март күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында депутат Дастан Жумабеков “Манас” университети үлгүлүү жогорку окуу жай экенин айтты.

Депутат Кыргыз-Түрк “Манас” университети 2022-жылы дүйнөнүн эң мыкты 1000 университетинин катарына кирип, Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын арасында тарыхка из калтырганын айтты. Ошондой эле эл ѳкүлдѳрү башка окуу жайлар дагы КТМУдан үлгү алып, эл аралык деңгээлге көтөрүлсө болоорун кошумчалады.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев депутаттын сөзүнө кошулаарын ырастап, үстүбүздѳгү жылдын 22-мартында ѳтүлѳ турган ректорлордун форумунда  Кыргыз-Түрк “Манас” университети үлгү катары көрсөтүлө турганын айтты.


Загрузка плеера...


Kırgızistan Parlamentosu’nda Manas’a Övgü Dolu Sözler Kırgızistan Parlamentosu’nda Manas’a Övgü Dolu Sözler

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться