Үстүбүздѳгү жылдын 2-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде биринчи проректорлук кызматын аткарып келген профессор Асылбек Кулмырзаев кызматын ѳткѳрүп берди. Жаңы биринчи проректорлук кызматка белгилүү дипломат Бактыгүл Каламбекова дайындалды.
Ректоратта өткөн жыйын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев жана министрдин орун басары Расул Авазбек уулунун катышуусунда өтүп, профессор Асылбек Кулмырзаевге кѳп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн “Манас” университетинин атынан ыраазычылык төш белгиси тапшырылды.