Саламаттык сактоо министри Г.Баатырова КТМУнун Ден соолук борбору менен таанышты » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Саламаттык сактоо министри Г.Баатырова КТМУнун Ден соолук борбору менен таанышты



Үстүбүздөгү жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова Кыргыз-Түрк «Манас» университетине иш сапары менен келип, окуу жайдын жетекчилери менен жолукту.

Министр университеттин “Шейит Эрен Бүлбүл” атындагы Ден соолук борбору, COVID-19 диагностикалык борбору жана “Медиа Манас” медиа борбору менен таанышып чыкты.

Жолугушууда университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор Бактыгүл Каламбекова Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатыровага окуу жай тууралуу маалымат берип, университеттин материалдык-техникалык базасы менен тааныштырды.

Министр “Манас” университети тууралуу жакшы пикирлерди укканын жана университетте билим алууга бардык шарттар жана мүмкүнчүлүктѳрдүн бар экенин ѳз кѳзү менен кѳрүп абдан таасирленгенин жашырган жок. Ал 2022-жылдын октябрь айында Стамбулда Түрк медицинасынын 8-дүйнѳлүк конгрессине катышып Түркиянын президенти Режеп Эрдогандын колунан сыйлык алганын сыймыктануу менен айтты.

Ошондой эле Түркия билим берүү тармагындагы тажрыйбасын Кыргызстан менен Кыргыз-Түрк “Манас” университети аркылуу бѳлүшүп жатканына абдан кубанганын айтып, Саламаттыкты сактоо министрлиги катары биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар жана ар татаптуу жардам берүүгѳ да даяр экендигин билдирди.

Ал эми ректор Алпаслан Жейлан Кыргыз-Түрк “Манас” университети дүйнѳлүк мыкты университеттердин рейтингинде алдыңкы 1000 орунга киргенин жана университеттин келечектеги максаты алдыңкы 500 университеттин катарына кирүү менен Кыргызстандын эл аралык рейтингде таанылышына салым кошуу экенин айтты.

Ошондой эле ректор пандемия учурунда 15 миң кишиге кызмат кѳрсѳтѳ алган “Шейит Эрен Бүлбүл” атындагы ден соолук борбору ачылганын жана эл аралык стандартка жооп берген ѳзүнүн клиникасы бар медициналык факультеттин ачылышы ишке ашырылганын баса белгилеп айтты.

Эске салсак, пандемия мезгилинде КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги университеттин “Медиа Манас” борбору менен биргелешип элге так маалымат берүүчү программа жана телесабактарды биргеликте даярдалган.


Загрузка плеера...


Sağlık Bakanı Baatırova, Manas’a Ziyarette Bulundu Sağlık Bakanı Baatırova, Manas’a Ziyarette Bulundu Sağlık Bakanı Baatırova, Manas’a Ziyarette Bulundu Sağlık Bakanı Baatırova, Manas’a Ziyarette Bulundu Sağlık Bakanı Baatırova, Manas’a Ziyarette Bulundu Sağlık Bakanı Baatırova, Manas’a Ziyarette Bulundu Sağlık Bakanı Baatırova, Manas’a Ziyarette Bulundu

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться