Билим берүү министри К.Иманалиев “Манас” университетине келди » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Билим берүү министри К.Иманалиев “Манас” университетине келди



2023-жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Кыргыз-Түрк «Манас» университетине иш сапары менен келип, университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолукту.

Жолугушууда министр өлкөбүздүн өнүгүшүнө зор салым кошуп келе жаткан “Манас” университетине келгенине абдан кубанычта экенин билдирди. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 27-мартында Кыргызстанда өткөрүлө турчу «Ректорлор форумунда» “Манас” университети үлгү катары көрсөтүлө турганын билдирип, ректордон аталган форумда университеттин эл аралык мамилелер чѳйрѳсүндѳгү ишмердүүлүгү жана эл аралык рейтингге кирген Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин тажрыйбасы тууралуу айтып берүүсүн ѳтүндү.

Ал эми университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри болуп дайындалган Каныбек Иманалиевди жаңы кызматы менен куттуктап, жооптуу ишине ийгиликтер каалады. Ошондой эле университет менен министрликтин ортосундагы кызматташтыкты мындан ыры да арттырып, пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга ынтызар экенин билдирди.


Загрузка плеера...


Eğitim ve Bilim Bakanı İmanaliyev, Manas’ı Ziyaret Etti Eğitim ve Bilim Bakanı İmanaliyev, Manas’ı Ziyaret Etti Eğitim ve Bilim Bakanı İmanaliyev, Manas’ı Ziyaret Etti Eğitim ve Bilim Bakanı İmanaliyev, Manas’ı Ziyaret Etti Eğitim ve Bilim Bakanı İmanaliyev, Manas’ı Ziyaret Etti Eğitim ve Bilim Bakanı İmanaliyev, Manas’ı Ziyaret Etti

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться