Чыгармачыл чайхана: Сайра Батыркулова » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Чыгармачыл чайхана: Сайра Батыркулова

          "Чыгармачыл чайхана" программасынын коногу КРнын Жазуучулар союзунун мүчөсү, маданияттын мыкты кызматкери, КТРКнын отличниги, "Бакен Кыдыкеева" атындагы сыйлыктын лауреаты, акын, журналист Сайра Батыркулова болду. 



        Эфирибиздин ар тараптуу коногу Сайра Батыркулова ириде залкар Коргоол Досуевдин жээн небереси экенин, апасы Турсункан Досуеванын дагы акын экенин сыймыктануу менен баса белгилеп, чыгармачылык жолунун кантип башталганын, кандайча театр тармагында окуп калганын, "Нурборбор" чыгармачыл жаштардын бирикмеси менен кантип таанышканын, окуусун бүткөн соң театр тармагында иштөөдөгү оош-кыйыш күндөрүн, чыгарган китептерин, пъеса жазууга болгон дилгирлигин, жазуучулукту аркалоо жана эне болуу түйшүгүн ж.б. көп темаларды баяндап берди. 

         Арийне маектин жүрүшүн өзүнүн калемине таандык ар кыл темадагы ырларын көркөм окуу менен кооздоду.

 

         Программанын толук чыгарылышын төмөнкү шилтеме аркылуу көрө алсыздар. 

 

         МедиаМанас-2023, Жылдызбек Турсунбаев


Загрузка плеера...


Чыгармачыл чайхана: Сайра Батыркулова Чыгармачыл чайхана: Сайра Батыркулова

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться