Айыл тургундары менен жолугушуу Көк-Жар айылында ѳттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Айыл тургундары менен жолугушуу Көк-Жар айылында ѳттү



Кыргыз-Түрк Манас университетинин окутуучуларынан түзүлгѳн топ университеттин “Айыл тургундары менен жолугушуу” долбоорунун алкагында Чүй областынын Көк-Жар айылынын айылынын тургундары менен жолугушуп кайтышты.

Кыргызстандын айыл аймактарынын ѳсүшүнѳ салым кошууну кѳздѳгѳн бул долбоор айыл жерлеринде Кыргыз-Түрк “Манас” университетин кеңири таанытуу жана жергиликтүү калкка социалдык жактан жардам жана кызмат кѳрсѳтүүнү максат кылат.

Ректораттын атынан тышкы иштер байланыштар боюнча координатору, профессор Кемал Полат тарабынан ишке ашырылган жолугушуу Апас Жумагулов атындагы орто мектепте өтүп, ага Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Апас Жумагулов, Көк-Кар айыл өкмөтүнүн башчысы Эдил Жумалиев, орто мектептин директору Манас Адиев, айыл тургундары, мугалимдер жана мектеп окуучулары катышты.

Жолугушууга барган университеттин тышкы иштер байланыштар боюнча координатору, профессор Кемал Полат, инженердик факультетинин ага окутуучусу Касым Барктабасов, инженердик факультетинин кенже кызматкери Руслан Адил Акай Тегин, ветеринария факультетинин декандын орун басары, доцент Фатих Рамазан Стамбуллугил, айыл чарба факультетинин окутуучулары Таир Эсенали уулу, Медербек Жаанбаев теология факультетинин илимий кызматкери Шохимардан Орунбеков, Махабат Касымалиева жана Самат Урманбетов,   ден соолук борборунун кызматкери Алтынгүл Осмонбекова чогулушка келген элдин суроолоруна жооп беришти. Ошондой эле “Манас” университетинин таанытуу тасмасы кѳрсѳтүлүп, маалымат брошюралары таратылды.

Долбоордун уюштуруучулары жолугушуу эл тарабынан аябай жылуу кабыл алынганын жана окуу жайга тапшыруу жолдору, университеттин шарттары менен артыкчылыктары, ошону менен бирге социалдык муктаждыктар тууралуу абдан кѳп суроолор берилип кызыктуу ѳткѳнүн айтышты.

Жолугушуунун соңунда айыл тургундары университеттин ѳкүлдѳрүнѳ жолугушуу абдан пайдалуу болгондугун белгилеп, ыраазычылыктарын билдиришти.

Manas Köy Ziyaretleri Kapsamında Kök-Car’a Gidildi Manas Köy Ziyaretleri Kapsamında Kök-Car’a Gidildi Manas Köy Ziyaretleri Kapsamında Kök-Car’a Gidildi Manas Köy Ziyaretleri Kapsamında Kök-Car’a Gidildi Manas Köy Ziyaretleri Kapsamında Kök-Car’a Gidildi Manas Köy Ziyaretleri Kapsamında Kök-Car’a Gidildi Manas Köy Ziyaretleri Kapsamında Kök-Car’a Gidildi Manas Köy Ziyaretleri Kapsamında Kök-Car’a Gidildi Manas Köy Ziyaretleri Kapsamında Kök-Car’a Gidildi Manas Köy Ziyaretleri Kapsamında Kök-Car’a Gidildi Manas Köy Ziyaretleri Kapsamında Kök-Car’a Gidildi

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться