“Манас” университети ливиялык студенттерге билим берүүнү максат кылууда » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Манас” университети ливиялык студенттерге билим берүүнү максат кылууда



Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Ливия жана Африка өлкөлөрүнөн келген студенттерге билим берүү пландалууда.

Жакында университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана проректор, професор Мехмет Сезаи Түрк Ливияга иш сапары менен барып, кызматташуу боюнча жолугушуу жана сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүп келишти.

Бул боюнча университеттин ректору Алпаслан Жейлан Ливиянын 26 университети менен алдын ала келишимге кол коюлганын айтып: “Бул убакытка чейин Африка аймагынан студенттер болгон эмес, бул жолугушуулардан кийин ливиялык студенттер “Манас” университетинде билим алышат деп ишенебиз. Биз Кыргызстан менен Ливиянын ортосунда билим берүү көпүрөсүн түзүүгө аракет кылуудабыз", - деп билдирди.

Ошондой эле университеттин жетекчилери “Манас” университети менен Ливиянын ортосунда студент жана мугалим алмашуу "Erasmus" программасы аркылуу да билим берүүнү пландаштырып жатышканын кошумчалады.

Manas Üniversitesi Libyalı Öğrencilere de Eğitim Vermeyi Hedefliyor Manas Üniversitesi Libyalı Öğrencilere de Eğitim Vermeyi Hedefliyor Manas Üniversitesi Libyalı Öğrencilere de Eğitim Vermeyi Hedefliyor Manas Üniversitesi Libyalı Öğrencilere de Eğitim Vermeyi Hedefliyor Manas Üniversitesi Libyalı Öğrencilere de Eğitim Vermeyi Hedefliyor

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться