Семинар: “Санариптик технологиялардын финансылык уюмдардын ишмердүүлүгүнѳ тийгизген таасири” » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Семинар: “Санариптик технологиялардын финансылык уюмдардын ишмердүүлүгүнѳ тийгизген таасири”



Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин экономика жана башкаруу факультетинде “Санариптик технологиялардын финансылык уюмдардын ишмердүүлүгүнѳ тийгизген таасири” аталышында семинар болуп ѳттү.

Семинарга Кыргызстандын финансы тармагындагы алдыңкы ѳкүлдѳрү чакырылган.

Окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору, доцент Камалбек Карымшаков жана тамак-аш инженерия бѳлүмүнүн окутуучусу, доцент Айчүрѳк Мажитова университеттин инженердик факультетинде санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан изилдѳѳлѳр тууралуу айтып берди.

Ал эми семинардын модератору, экономика жана башкаруу факультетинин деканынын орун басары, докт. Сезер Бозкуш маалымат технологияларынын өнүгүшүнөн келип чыккан өзгөрүү процессинин финансы секторуна тийгизген таасири тууралуу баяндама жасады.

Семинардын коногу КРнын Улуттук банкынын Санарип жана финансылык технологиялар бѳлүмүнүн башкы адиси Айгүл Бакесариева Улуттук банктагы санариптик тиркемелер тууралуу маалымат берди.


Загрузка плеера...


Finansal Piyasalar Çalıştayı Düzenlendi Finansal Piyasalar Çalıştayı Düzenlendi Finansal Piyasalar Çalıştayı Düzenlendi Finansal Piyasalar Çalıştayı Düzenlendi Finansal Piyasalar Çalıştayı Düzenlendi Finansal Piyasalar Çalıştayı Düzenlendi

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться