Кыргызстандын куткаруучуларын салтанаттуу тосуп алышты » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргызстандын куткаруучуларын салтанаттуу тосуп алышты



Түркиядагы жер титирѳѳдѳ издѳѳ-куткаруу иштерин жүргүзгѳн Кыргызстандын ѲКМ куткаруучулары ѳлкѳгѳ кайтып келди.

Кыргыз куткаруучулары жалпы 8 кишини уранды астынан тирүү алып чыкса,198 кишинин сѳѳгүн тапты.

Аларды  “Манас” эл аралык аэропортунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Алпаслан Жейлан жана университеттин студенттери, КРнын Ѳзгѳчѳ кырдаалдар министрлигинин ѳздүк курамы, Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги, жакын туугандары, кесиптештери жана журналисттер салтанаттуу тосуп алышты.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев куткаруучуларды “Манас” эл аралык аэропортунан тосуп алып, ыраазычылык билдирди.

Элчи Ахмет Садык Доган куткаруучуларга ыраазычылык билдирип, Түркия башынан кечирип жаткан оор учурда Кыргызстан биринчилерден болуп колун сунганын жана эң акыркылардан болуп мекенине кайтканын баса белгиледи.

Ректор Алпаслан Жейлан Түркияда жер титирөө башталган күндѳн баштап Кыргыз-Түрк “Манас” университети жардам берүү иштерин жүргүзүп баштаганын, университеттин академиялык жана административдик кызматкерлери менен студенттери жардам берүүгѳ умтулганын жана учурда жер титиреген аймактардан келип окуган жана үй-бүлѳсү жер титирѳѳдѳ жабыр тарткан студенттерге материалдык жактан да, моралдык жактан да колдоо кѳрсѳтүлүп жатканын айтып, кыргыз элине ыраазчылыгын билдирди.

 

Кыргызстандан Түркияга жалпы 182 адам жөнөтүлгөн. Анын ичинде 6 дарыгер, боз үй тигүү үчүн 5 адам бар, калганы ӨКМдин куткаруучулары . Алар Түркияда 12 күн болуп, жалпы 8 кишини уранды астынан тирүү алып чыкса, 198 кишинин сѳѳгүн алып чыгышкан.


Загрузка плеера...


Kırgız Arama Kurtarma Ekibi Coşkuyla Karşılandı Kırgız Arama Kurtarma Ekibi Coşkuyla Karşılandı Kırgız Arama Kurtarma Ekibi Coşkuyla Karşılandı Kırgız Arama Kurtarma Ekibi Coşkuyla Karşılandı Kırgız Arama Kurtarma Ekibi Coşkuyla Karşılandı Kırgız Arama Kurtarma Ekibi Coşkuyla Karşılandı Kırgız Arama Kurtarma Ekibi Coşkuyla Karşılandı Kırgız Arama Kurtarma Ekibi Coşkuyla Karşılandı Kırgız Arama Kurtarma Ekibi Coşkuyla Karşılandı Kırgız Arama Kurtarma Ekibi Coşkuyla Karşılandı Kırgız Arama Kurtarma Ekibi Coşkuyla Karşılandı Kırgız Arama Kurtarma Ekibi Coşkuyla Karşılandı Kırgız Arama Kurtarma Ekibi Coşkuyla Karşılandı Kırgız Arama Kurtarma Ekibi Coşkuyla Karşılandı Kırgız Arama Kurtarma Ekibi Coşkuyla Karşılandı Kırgız Arama Kurtarma Ekibi Coşkuyla Karşılandı Kırgız Arama Kurtarma Ekibi Coşkuyla Karşılandı Kırgız Arama Kurtarma Ekibi Coşkuyla Karşılandı Kırgız Arama Kurtarma Ekibi Coşkuyla Karşılandı Kırgız Arama Kurtarma Ekibi Coşkuyla Karşılandı

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться