“Манас” университети жардам берүүдѳ ѳз милдетин аткарууда » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Манас” университети жардам берүүдѳ ѳз милдетин аткарууда



6-февралда Түркиядагы жер титирѳѳ катталган күндѳн баштап Кыргыз-Түрк “Манас” университети зилзаладан жабыркагандарга жардам берүү иш-чараларын жүргүзүп баштады.

Университеттин жетекчилери окуу жайда жыйын ѳткѳрүп, зилзаладан жабыркаган түркиялыктарга керектелүүчү буюм-тайымдар чогултулуп, жардам ѳнѳктүгү ачылды.

Учурда жер титиреген аймактардан келип окуган жана үй-бүлѳсү жер титирѳѳдѳ жабыр тарткан студенттерге материалдык жактан да, моралдык жактан да колдоо кѳрсѳтүлүүдѳ.

Университеттин жетекчилери мугалимдер жана университеттин кызматкерлери тарабынан топтолгон акчанын бир бѳлүгүн жер титирѳѳдѳ болгон жердеги студенттерге жана алардын үй-бүлѳлѳрүнѳ бѳлүштүрүлүп, студенттерге акчалай жардам кѳрсѳтүү менен окуу жылындагы бардык муктаждыктары каржыланып, атап айтканда, кийим-кече, тамак-аш жагынан колдоо болорун айтышты.

Ошондой эле КТМУ тарабынан топтолгон гуманитардык жардам Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине жеткирилди.

Түркиядагы жер титирѳѳгѳ байланыштуу соңку кабарлар университеттин “Медиа Манас” медиа борбору жана социалдык баракчалары тарабынан чагылдырылууда.

Manas’ta Deprem Seferberliği Manas’ta Deprem Seferberliği Manas’ta Deprem Seferberliği Manas’ta Deprem Seferberliği Manas’ta Deprem Seferberliği Manas’ta Deprem Seferberliği Manas’ta Deprem Seferberliği Manas’ta Deprem Seferberliği Manas’ta Deprem Seferberliği Manas’ta Deprem Seferberliği Manas’ta Deprem Seferberliği Manas’ta Deprem Seferberliği

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться