Зилзаладан каза болгондордун элесине арналган Көңүл айтуу китеби ачылды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Зилзаладан каза болгондордун элесине арналган Көңүл айтуу китеби ачылды



Түркия Республикасынын аймагында болгон катуу жер титирѳѳдѳн каза болгондордун элесине арналып Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Кѳңүл айтуу китеби ачылды.

 КТМУнун жамааты ѳз кѳңүлүн Кѳңүл айтуу китебине калтырууга мүмкүн.

Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган өлкөдөгү катуу жер титирөөдөн миңдеген адамдардын өмүрү кыйылгандыгына  байланыштуу жети күндүк аза күтүү күндөрүн жарыялады.

“2023-жылдын 6-февралынан тартып жер титирөөгө байланыныштуу өлкөдө жети күндүк улуттук аза күтүү күндөрү жарыяланат. Мамлекеттик желек өлкөдө жана биздин чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдө 12-февраль күнү күн батканга чейин түшүрүлүп турат” деп айтылат Түркиянын мамлекет башчысынын билдирүүсүндө.   

6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4  баалга жеткен жер титирөөкатталганы маалым. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья,  Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.  

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты Түркияда зилзаладан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана жабыркагандарга тез арада сакайып кетишин тилейт.

Depremzedelerin Anısına Taziye Defteri Açıldı Depremzedelerin Anısına Taziye Defteri Açıldı Depremzedelerin Anısına Taziye Defteri Açıldı Depremzedelerin Anısına Taziye Defteri Açıldı Depremzedelerin Anısına Taziye Defteri Açıldı Depremzedelerin Anısına Taziye Defteri Açıldı Depremzedelerin Anısına Taziye Defteri Açıldı Depremzedelerin Anısına Taziye Defteri Açıldı Depremzedelerin Anısına Taziye Defteri Açıldı

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться