“Салам Нью-Йорк”тун чыныгы каарманы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Салам Нью-Йорк”тун чыныгы каарманы

“Жолдошев&Өнөктөштөр” юридикалык компаниясынын президенти жана “Салам Нью-Йорк” тасмасынын чыныгы каарманы Жоомарт Жолдошев, 10-май күнү “Автопортрет” уктуруусунун кезектеги коногу болду.



Бала чагынан физика жана математика сабактарына кызыгып, инженер болууну кыялданган Жоомарт мырза 1999-жылы ACCELS (FSA/FLEX) конкурсунан өтүп, Америкада 12-классты окуп келет. Кыргызстанга келгенде АУЦА университетинде инженердик жок болгондугуна байланыштуу юрист бөлүмүнө тапшырган, себеби башка адамдарга алардын укугун коргоо аркылуу жардам берүүнү чечкен. Аскерде кызмат өтөп, Үрүмчүдөн окуп, андан кийин өзүнүн билимин тереңдетүүгө кайрадан Америкага сапар алган.

“Үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын жанында баардык бактылуу. Ошондуктан бөтөн эл менен бөтөн жерде жүргөн жарандарды түшүнүп, аларды сыйлашыбыз керек. Кара жанын көчөдөгү ит деле багат башкалардан жардамыбызды аябайлы. Адам ийгиликке жетүү үчүн эң башкысы өзүнүн жан-дүйнөсүн туруктуу кылышы керек, китеп көп окуу менен аны байытышы керек. Жашооңорду сүйгүлө. Ар бир нерседен жакшы нерсени көрүүгө аракет кылгыла!”-деп, Жоомарт Жолдошев өзүнүн жаштарга болгон кеңеши менен маегин аяктады. Жоомарт мырзаны колдоп, ага ийгилик каалап кетмекчибиз. Кыргызстан сиз менен!

Жазган: Шайдылдаев Жоомарт.

“Салам Нью-Йорк”тун чыныгы каарманы “Салам Нью-Йорк”тун чыныгы каарманы “Салам Нью-Йорк”тун чыныгы каарманы

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться