Университет жетекчиси эл ѳкүлдѳрү менен жолукту » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Университет жетекчиси эл ѳкүлдѳрү менен жолукту



Үстүбүздѳгү жылдын 31-январында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Улан Примов менен жолукту.

Жолугушууда КТМУнун эл аралык деңгээлдеги орду жана Кыргызстандын ѳнүгүшүнѳ кошкон салымы тууралуу сѳз болду.

Эл ѳкүлдѳрү Улан Примов Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бүгүнкү күндѳ эл аралык деңгээлде таанылып, билим берүү тармагында эле эмес, ѳлкѳнүн социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнѳ да кошкон салымы ѳзгѳчѳ экенин баса белгиледи.

Ошондой эле “Манас” университети акысыз билим берип, мыкты кесипкѳй кадлар менен камсыздоо жана коомго кызмат кѳрсѳтүүдѳ үлгү болоорлук пайдалуу иштерди аткарып келе жатканын белгилеп, тарыхта биринчи жолу өлкөнү илим жаатында эл аралык деңгээлге кѳтѳрүү аракети мактоого татырлык экенин айтты.

Түрк дүйнөсүнүн жаштарын бир жерге топтоп, бир туугандык мамиленин чыңдалышын көрүү эң чоң бакыт экенин белгилеген ректор Кыргыз-Түрк “Манас” университети Түрк дүйнѳсүнүн брендине айлануу жолунда тынымсыз эмгектенип, эки боордош ѳлкѳнүн ѳнүгүшүнѳ салым кошууну улантаарын айтып, эл ѳкүлдѳрүнүн ишине ийгилик каалады.

Rektör Ceylan, Milletvekili Primov İle Görüştü Rektör Ceylan, Milletvekili Primov İle Görüştü

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться