“Манас” университети QS рейтинг системасы жана Scopus/Web of Sсince платформалары боюнча семинар өткөрдү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Манас” университети QS рейтинг системасы жана Scopus/Web of Sсince платформалары боюнча семинар өткөрдү



2023-жылдын 19-январында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы имараттагы чоң жыйындар залында QS рейтинг системасы жана Scopus/Web of Sсince платформалары боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү. Жыйынды КУУнун илимий иштер боюнча проректору Назаркул Ишекеев ачып, Өкмөттүн чечими боюнча Улуттук университет жакынкы 3 жылдын ичинде эл аралык деңгээлдеги авторитеттүү QS рейтинг системасы боюнча Орто Азия мейкиндигиндеги белгилүү жогорку окуу жайлардын катарына кириши керек экендигин белгиледи жана учурда аталган рейтингге кирген Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин тажрыйбасы менен таанышууну сунуштап, КТМУнун кызматкерлери менен тааныштырды.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин компьютердик инженерия бөлүмүнүн башчысы, т.и.к., доцент Рита Исмаилова "Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин QS тажрыйбасы" деген темада баяндама жасап, жалпы эле рейтингдин, анын ичинен QS рейтингинин түрлөрү, QS рейтингин чыгаруу ыкмасы, “Манас” университетинин QS тажрыйбасы тууралуу айтып, азыркы учурда QS системасынын Азия рейтингине Борбордук Азиядан жалпысынан 43, анын ичинде Казакстандан 32, Кыргызстандан 2, Өзбекстандан 8 жана Тажикстандан 1 университет кирээрин билдирди. Баяндамачынын айтымында, рейтингди аныктоо 11 көрсөткүчтү өлчөө жолу менен жүргүзүлүп, анын 50 пайызын окуу жайдын академиялык аброю менен иш берүүчүлөрдүн арасындагы аброю түзөт. 

"QS рейтингинде илимий басылмалардын орду" тууралуу баяндама жасаган китепкана жана иш кагаздар башкармалыгынын башчысы Максатбек Ынакбеков QS рейтингине катыша турган окуу жайдын Скопуста профили болууга тийиш экендигин, анткени QS системасы илимий басылмалар туралуу маалыматты Скопустан алаарын, 2023-жылы чыга турган 2024-рейтинг үчүн 2017-2021-жылдар ичиндеги илимий басылмалардын саны жана 2017-2022- жылдар ичиндеги шилтемелердин саны алынаарын айтып, Улуттук университеттин Скопустагы жана Web of Science-теги профилдерин оңдоп, тартипке келтирүү зарыл экендигин белгиледи. Анткени, аталган платформаларда жарыялануучу макалаларда окуу жайдын аталышы, дареги англисче, орусча, кыргызча бирдей болуш керек. Азыр ар түрдүү аталыштар кездешет. Мисалы: "Jusup Balasagyn Kyrgyz National University", "Kyrgyz National University named after J. Balasagyn", "Kyrgyz National University named after Jusup Balasagyn", "Kyrgyz National University Balasagyn" ж.б.у.с. Сөзүнүн соңунда Максатбек Ынакбеков Скопус жа Web оf Science-ке кирген журналдарга илимий макала жазуу жана жарыялоо боюнча сунуштарын айтып, тема боюнча пайдалуу шилтемелердин тизмесин берди.

Баяндамалар катышуучулардын кызыгуусун жаратып, көптөгөн суроо-жооптор менен коштолду.

Manas, Uluslararası Başarı Getiren Tecrübesini Kırgızistan’daki Üniversitelere Aktarıyor Manas, Uluslararası Başarı Getiren Tecrübesini Kırgızistan’daki Üniversitelere Aktarıyor Manas, Uluslararası Başarı Getiren Tecrübesini Kırgızistan’daki Üniversitelere Aktarıyor Manas, Uluslararası Başarı Getiren Tecrübesini Kırgızistan’daki Üniversitelere Aktarıyor Manas, Uluslararası Başarı Getiren Tecrübesini Kırgızistan’daki Üniversitelere Aktarıyor Manas, Uluslararası Başarı Getiren Tecrübesini Kırgızistan’daki Üniversitelere Aktarıyor Manas, Uluslararası Başarı Getiren Tecrübesini Kırgızistan’daki Üniversitelere Aktarıyor Manas, Uluslararası Başarı Getiren Tecrübesini Kırgızistan’daki Üniversitelere Aktarıyor Manas, Uluslararası Başarı Getiren Tecrübesini Kırgızistan’daki Üniversitelere Aktarıyor

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться