«Шамбала» тасмасынын байге куржуну дагы 2 сыйлык менен толукталды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

«Шамбала» тасмасынын байге куржуну дагы 2 сыйлык менен толукталды



Кыргыз Эл артисти, кинорежиссёр, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ага окутуучусу Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы Индияда Чатрапати Шиваджи шаарында өткөн эл аралык кинофестивалында «Мыкты тасма» жана «Шиважи Махарадж падышасынын глобалдык лидерлик сыйлыгын» жеңип алды.

Ошондой эле Улуу Британияда ѳткѳн «White Deer” эл аралык кинофестивалынан "Эң мыкты визуалдык эффекттер" номинациясына татыды.

«Шамбала» тасмасы буга чейин да бир катар эл аралык фестивалдарга катышып, сыйлыктарды жеңип алган. 2021-жылдын апрель айында Москвада өткөн эл аралык кинофестивалда “Ника” сыйлыгын, андан соң Калькуттадагы эл аралык фестивалда мыкты режиссура сыйлыгын жана башка бир катар эл аралык сыйлыктарга ээ болгон. Фильмдин жалпы байге куржуну 46га жетти.

«Шамбала» тасмасы Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган.

Manaslı Yönetmen Süyündükov, İki Ödül Daha Aldı Manaslı Yönetmen Süyündükov, İki Ödül Daha Aldı

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться