Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан каникул учурунда эс алуусун кампуста ѳткѳргѳн студенттер менен кесиптик жогорку мектептин бакчасында жолукту. Ректор ‘Манас’ үй бүлѳсү чоң бир үй-бүлѳ экенин жана ал эмгекчил, таланттуу студенттери менен ар дайым сыймыктанарын айтты. Ошондой эле студенттерге алдыда боло турган сынактарында ийгиликтер каалап, шам-шум этчү тамак-аш жана ысык чай менен сыйлады.
Жолугушуунун соңунда студенттер ректорго ыраазычылыгын билдиришип, окуу жайда жыл сайын заманбап шарттар түзүлүп жатканын билдиришти.
Эске салсак, Кыргызстанда 1-январдан 8-январга чейин эс алуу күндѳрү деп жарыяланган.