“Манас” университетинин китеп басылмалары таанытылды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Манас” университетинин китеп басылмалары таанытылды



2022-жылдын 26-30-декабрь күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин китеп басылмаларын таанытуу аптасы өттү.

Иш-чара университеттин экономика жана башкаруу факультетинин фойесинде өтүп, ага университеттин жетекчилери, академиялык жана административдик кызматкерлер, студенттер жана медиа өкүлдөрү катышты.

Таанытуу иш-чарасында орун алган китептер университеттин профессордук-окутуучулук курамы тарабынан жазылып, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Редакциялык басма бөлүмү тарабынан басылып чыккан.

Университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан иш-чаранын ачылышында Кыргыз-Түрк “Манас” университети тарабынан даярдалган илимий эмгектерди басып чыгарууга жана аны дүйнөгө таанытууга чоң маани берилерин айтып, окуу жайды профессионалдуу жана сапаттуу басма менен камсыз кылуу максатында ачылган университеттин Редакциялык басма бөлүмү соңку 2,5 жыл ичинде бир топ китептерди басып чыгарып жигердүү иш алып баратканын баса белгиледи.

Андан кийин чет тилдер жогорку мектебинин жетекчиси, редакциялык комиссиянын иликтөө комиссиясынын төрагасы, профессор Режаи Доган таанытуу иш-чарасы тууралуу кыскача маалымат берди.

Ал эми КТМУнун Редакциялык басма бөлүмүнүн координатору Сезер Эрдоган университет түзүлгөндөн бери, жалпысынан 300 басылма анын ичинде 50дөн ашууну акыркы эки жарым жылда жарык көргөнүн айтты. Ошондой эле таанытуу иш-чарасы мындан ары да уланарын жана жакынкы арада китеп жарманкесин өткөрүүнү пландап жатканын кошумчалады.

Manas Üniversitesi Yayınları Tanıtılıyor Manas Üniversitesi Yayınları Tanıtılıyor Manas Üniversitesi Yayınları Tanıtılıyor Manas Üniversitesi Yayınları Tanıtılıyor Manas Üniversitesi Yayınları Tanıtılıyor Manas Üniversitesi Yayınları Tanıtılıyor Manas Üniversitesi Yayınları Tanıtılıyor Manas Üniversitesi Yayınları Tanıtılıyor Manas Üniversitesi Yayınları Tanıtılıyor

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться