КТМУнун Камкорчулар кеӊешинин жыйыны болуп өттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КТМУнун Камкорчулар кеӊешинин жыйыны болуп өттү

Manas tarihine altın harflerle yazılacak Toplantı ile Tıp Fakültesi resmen kuruldu.



2022-жылдын 28-декабрында университеттин кезектеги 2022-2023-окуу жылынын Камкорчулар кеңешинин жыйыны өтүп, ага Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Камкорчулар Кеңешинин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу, Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмү, бөлүм башчысынын орун басары Талгат Аширбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо башкармалыгынын башкы адиси Тимурлан Ажымалиев, Түркия Республикасынын Президентинин Аппаратынын Коммуникациялар департаментинин башчысы, Камкорчулар Кеӊешинин төрагасы Фахреттин Алтун, Түркия Республикасынын Президентинин Администрациясынын Стратегия жана бюджет башкармалыгынын башчысы Ибрахим Шенел, Чанаккале онсегизинчи март университетинин ректору, профессор Седат Мурат жана КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев катышты.

Жыйында окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана профессор Асылбек Кулмырзаев университеттеги өнүгүүлөр жана астыбыздагы 5 жылга карата даярдалган стратегиялык план тууралуу Камкорчулар тобуна маалымат беришти.

Андан соң университеттин окуу-методикалык программасына жана чарбачылык иштерине байланышкан маселелер каралып, чечимдер кабыл алынды. Камкорчулар Кеңешинин жыйыны алкагында эң маанилүү чечим КТМУда медицина факультетинин ачылышы жана университеттин академиялык жана административдик кызматкерлеринин айлык маянасынын көбөйтүлүшү болду.


Загрузка плеера...


Заседание попечительского совета войдет в историю КТУ Манас Заседание попечительского совета войдет в историю КТУ Манас Заседание попечительского совета войдет в историю КТУ Манас Заседание попечительского совета войдет в историю КТУ Манас

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться