«Жаңы ысымдар»: КТМУнун театралдык искусство бөлүмү 2-орунду алды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

«Жаңы ысымдар»: КТМУнун театралдык искусство бөлүмү 2-орунду алды



2022-жылдын 21-25-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Кыргызстан театр ишмерлер союзунун уюштуруусу астында студенттик спектаклдердин VII Республикалык “Жаңы ысымдар” театр фестивалы өткөрүлдү.

Фестивалдын негизги максаты - келечекте театр сахнасынын жылдыздарын алдын ала аныктоо жана жаш таланттардын келечектеги тагдырына алдын ала кам көрүү болуп эсептелет.

Республикалык "Жаңы ысымдар" театралдык фестивалында “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн студенттери "Өзүбүздү кыйган кылыч" жана "8 аял" чыгармасын койду.

Фестиваль Бишкекте Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында өттү.

Калыстар тобунун чечими менен фестивалдын катышуучуларына ар кандай номинация боюнча сыйлыктар ыйгарылды.

Баш байге - гран-при

Кыргыз улуттук академиялык Т. Абдумомунов атындагы драма театрынын театр окуу жайынын 3-курсунун «Он экинчи күн» (авт. М. Байжиев) спектаклине ыйгарылды.

1-орун

Өзбекстан мамлекеттик искусство жана маданият институтунун «Турандот» (авт. Карло Гоции) спектаклине ыйгарылды.

2- орун

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн 3-курсунун «8 аял» (авт. Робер Тома) спектаклине ыйгарылды.

3-орун

Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин «Театр» факультетинин 5-курсунун «Адамзат» (авт. Меджа Мванги) спектаклине ыйгарылды.

Ошондой эле «Экинчи пландагы эркектин мыкты ролу» номинациясына - «Өзүбүздү кыйган кылыч» спектаклинде ийгиликтүү ролу үчүн Сыймык Көлдубаев, "8 аял" спектаклиндеги ролу үчүн Медина Муктарбек кызы “Мыкты актриса” номинациясына татыды.

“Эң мыкты драматургия” номинациясында – 1-орун “Арбак” драмасын ийгиликтүү жазгандыгы үчүн Аруке Асилбекова жана 3-орунду “Хозяин” спектаклин ийгиликтүү жазгандыгы үчүн Жеңгизкан Кутлукка ыйгарылды. Ал эми “Эң мыкты театр сыны” номинациясы боюнча 1-байгени Жаңылай Эгембердиева багындырды.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты жана жалпы жамааты байгелүү орундарды багындырган студенттерди куттуктайт жана университет таланттуу студенттери менен ар дайым сыймыктанарын билдирет .

 

Manaslı Öğrenciler Tiyatro Festivalinde Başarılarını Kanıtladı Manaslı Öğrenciler Tiyatro Festivalinde Başarılarını Kanıtladı Manaslı Öğrenciler Tiyatro Festivalinde Başarılarını Kanıtladı Manaslı Öğrenciler Tiyatro Festivalinde Başarılarını Kanıtladı Manaslı Öğrenciler Tiyatro Festivalinde Başarılarını Kanıtladı Manaslı Öğrenciler Tiyatro Festivalinde Başarılarını Kanıtladı Manaslı Öğrenciler Tiyatro Festivalinde Başarılarını Kanıtladı Manaslı Öğrenciler Tiyatro Festivalinde Başarılarını Kanıtladı

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться