Түркиянын Инөнү университетинин ѳкүлдѳрү «Манаска» келишти » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Түркиянын Инөнү университетинин ѳкүлдѳрү «Манаска» келишти



2022-жылдын 13-декабрында Түркиянын Инөнү университетинин ректору, профессор Ахмет Кызылай жетектеген делегация өкүлдөрү Кыргыз-Түрк «Манас» университетине келишти.

Жолугушууда кызматташуу келишими түзүлүп, меморандумга Түркиянын Инөнү университетинин ректору, профессор Ахмет Кызылай жана КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан кол койду.

Жолугушууда Инөнү университетинин ректору Ахмет Кызылай Түрк дүйнөсүнүн абройлуу жогорку окуу жайы болгон Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин акыркы мезгилдеги зор өнүгүүсүнө көз салып турушканын жана ѳмүрүн Түрк дүйнөсүнө кызмат кылууга арнаган профессор Алпаслан Жейландын жогорку кесипкѳйлүгүн, кѳп жылдык бай тажрыйбасын анын «Манас» университетине терең жоопкерчилик жана сүйүү менен мамиле кылганынан кѳрсѳк болот деп белгиледи.

Ошондой эле ал Кыргызстанга келүүдөгү негизги максаты - Кыргызстандын медицина тармагында билим берген жогорку окуу жайлары менен тажрыйба алмашып, тыгыз кызматташуу жана окутуучулар, студенттердин арасында алмашуу программаларын уюштурууга, бардык тармакта кызматташууга даяр экендигин айтты.

Белгилей кетсек, Түркиянын Инөнү университетинин ректору, профессор Ахмет Кызылай жетектеген делегация өкүлдөрү иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин жана Кыргызстандын бир канча жогорку окуу жайларынын ректорлору менен жолугушуусу пландалган.


Загрузка плеера...


İnönü Üniversitesi Rektörü Prof. Dr. Kızılay, Manas’ı Ziyaret Etti İnönü Üniversitesi Rektörü Prof. Dr. Kızılay, Manas’ı Ziyaret Etti İnönü Üniversitesi Rektörü Prof. Dr. Kızılay, Manas’ı Ziyaret Etti İnönü Üniversitesi Rektörü Prof. Dr. Kızılay, Manas’ı Ziyaret Etti İnönü Üniversitesi Rektörü Prof. Dr. Kızılay, Manas’ı Ziyaret Etti İnönü Üniversitesi Rektörü Prof. Dr. Kızılay, Manas’ı Ziyaret Etti İnönü Üniversitesi Rektörü Prof. Dr. Kızılay, Manas’ı Ziyaret Etti

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться