"Манас" телерадиосунун кызматкери Шаризат Ибраева "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

"Манас" телерадиосунун кызматкери Шаризат Ибраева "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды

"Манас" телерадиосунун көрүнүктүү кызматкери,  радио-журналистиканын мыкты адиси, Шаризат Ибраева КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды.



Белгилей кетсек, Шаризат Ибраева - көптөгөн эл аралык жана жергиликтүү конкурстардын жеңүүчүсү. 2014-жылы Түркияда өткөн “Жергиликтүү медиалдарды шыктандыруу” аталышындагы 29-конкурска Кыргызстандын атынан алгачкы жолу радиопрограмма менен катышып, 1-орунду багынткан. 16 жылдан бери радио-журналистика тармагында үзүрлүү эмгектенип, көптөгөн уктуруулардын автору. Мындан сырткары, Шаризат Ибраева студенттерди радио ааламы менен тааныштырып, өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, тарбиялап келет. Коомчулукка белгилүү көптөгөн журналисттердин устаты.

Кошумчалай кетсек, Шаризат Ибраева тууралуу учурунда Бишкек Гуманитардык К.Карасаев атындагы Университетинин Журналистика жана маалыматтар системасы факультетинин журналистика бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Нурзинат Жолдошева дипломдук иш да жазган.

Радио-журналистика жана маданият тармагына кошкон салымыңыз үчүн жана ак эмгектен баар тапкан жогорку сыйлыгыңыз кут болсун. Өзүңүзгө бекем ден-соолук жана чыгармачылык бийиктик каалайбыз.

Жазган: Кудабаева Нурайым

"Манас" телерадиосунун кызматкери Шаризат Ибраева "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды "Манас" телерадиосунун кызматкери Шаризат Ибраева "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды "Манас" телерадиосунун кызматкери Шаризат Ибраева "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды "Манас" телерадиосунун кызматкери Шаризат Ибраева "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды "Манас" телерадиосунун кызматкери Шаризат Ибраева "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды "Манас" телерадиосунун кызматкери Шаризат Ибраева "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться