Улуттук телерадио корпорациясы 90 жылдыгын белгилѳѳдѳ » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Улуттук телерадио корпорациясы 90 жылдыгын белгилѳѳдѳ



Улуттук телерадио корпорациясы ѳзүнүн токсон жылдыгын белгилеп жатат. Мааракелүү иш-чара ар кандай саамалык, конференция, жолугушуулар менен коштолууда. 6-декабрда «Ааламдашуу шартындагы медиа» аталышындагы эл аралык медиа форум ѳттү.

Иш-чарага Эл аралык жана Кыргызстандын медиа өкүлдөрү, Түркия, Россия, Казакстан, Өзбектан, Беларусия, Иран ж.б. мамлекеттердин элчилик өкүлдөрү, ММК жетекчилери жана журналисттери, ошондой эле БиБиСи, ТРТ, “Хабар” өңдүү ири медиа корпорациялардын жетекчилери, редакторлору, жергиликтүү ММК өкүлдөрү, чет элдик жана Кыргызстандын жогорку окуу жайлардын ректорлору, тиешелүү факультеттердин декандары, окумуштуулар, медиа серепчилер, тележурналисттер катышууда.

Форумдун катышуучулары жаңы медианын салтуу ММКга тийгизип жаткан таасирлери, анын алкагындагы актуалдуу маселелер, телекөрсөтүүнүн көрүмдүүлүгүн жана радионун угумдуулугун арттыруу ыкмалары, заманбап журналисттерди даярдоодо билим берүү системасынын алкагында талкуу жүргүзүштү.

Аталган форумга КТМУнун атынан университеттин проректору Мехмет Сезаи Түрк УТРКнын башкы директору Кайрат Иманалиевдин чакыруусу менен катышты. Ал Улуттук телерадио корпорациясынын токсон жылдык мааракеси менен куттуктап, УТРКнын жалпы жамаатына ийгилик каалады.

Ошондой эле университеттин атынан катышкандыгы үчүн катышуучуларга ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Форумдан кийин УТРКнын коноктору үчүн Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин «Медиа Манас» медиа борбору менен тааныштыруу экскурциясы да уюштурулду.

Manas, UTRK’nin Kuruluş Yıl Dönümü Programında Temsil Edildi Manas, UTRK’nin Kuruluş Yıl Dönümü Programında Temsil Edildi Manas, UTRK’nin Kuruluş Yıl Dönümü Programında Temsil Edildi Manas, UTRK’nin Kuruluş Yıl Dönümü Programında Temsil Edildi Manas, UTRK’nin Kuruluş Yıl Dönümü Programında Temsil Edildi Manas, UTRK’nin Kuruluş Yıl Dönümü Programında Temsil Edildi Manas, UTRK’nin Kuruluş Yıl Dönümü Programında Temsil Edildi Manas, UTRK’nin Kuruluş Yıl Dönümü Programında Temsil Edildi Manas, UTRK’nin Kuruluş Yıl Dönümü Programında Temsil Edildi Manas, UTRK’nin Kuruluş Yıl Dönümü Programında Temsil Edildi

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться