Ректор Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы менен жолугушту » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Ректор Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы менен жолугушту



2022-жылдын 6-декабрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Түркиядагы иш сапарынын алкагында Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту.

Жолугушууда ректор Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын чечими менен Кыргыз Республикасынын өкүлү - Кубанычбек Өмүралиев ТМУнун Башкы катчысы болуп дайындалгандыгы менен куттуктап, ага боордош элдердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдѳѳгѳ жана Түрк дүйнѳсүнүн биримдигине салым кошууга багытталган жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.

Ал эми ТМУнун Башкы катчысы К.Өмүралиев ректорго каалоолору үчүн ыраазычылык билдирди жана “Манас” университети Түрк мамлекеттер уюмунун “Орхон процесси” алмашуу программасын координациялоодо жигердүүлүк көрсөтүп, аны мыкты деңгээлде жүргүзгөнүн баса белгиледи.

Жолугушууда ректор Алпаслан Жейлан жана Кубанычбек Ѳмүралиев билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, Түрк университеттер ассоциациясынын 6-Башкы ассамблеясынын жыйынтыктары, ошондой эле «Манас» университети ийгиликтүү ишке ашырган «Түрк дүйнөсүнүн санариптик атуулдугу» долбооруна түрк мамлекеттеринен көбүрөөк жогорку окуу жайларды киргизүүнү талкуулашты.

Rektör Ceylan, Türk Devletleri Teşkilatı Genel Sekreteri Ömüraliyev’i Ziyaret Etti

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться