Түркиянын Жогорку билим берүү кеңешинин тѳрасы менен болгон жолугушуу жемиштүү ѳттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Түркиянын Жогорку билим берүү кеңешинин тѳрасы менен болгон жолугушуу жемиштүү ѳттү



Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Түркияга болгон илимий иш сапарынын алкагында бир канча жолугушуулар болду.

Үстүбүздѳгү жылдын 3-декабрында ректор Түркиянын Жогорку билим берүү кеңешинин (YÖK) төрагасы, профессор Эрол Өзвар менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндѳ Кыргыз-Түрк «Манас» университети бүткүл Түрк дүйнөсү, өзгөчө Кыргызстан үчүн өтө маанилүү милдетти өзүнө алганы, университеттин жалпы позициясы, академиялык пландоо жана келечектеги стратегияларга байланыштуу маселелер талкууланды.

Ректор Түркиянын Жогорку билим берүү кеңешинин төрагасы Эрол Өзварга «Манас» университетиндеги ийгиликтер, жетишкендиктер, инновациялар жана жаңылануулар тууралуу кеңири маалымат берип, жемиштүү жолугушуу үчүн ыраазычылыгын билдирди..

Ал эми Өзвар мырза университеттин ийгиликтүү ишинен ыраазы экенин жана «Манас» университетине ар дайымкыдай колдоо кѳрсѳтүлүп тураарын айтып, ректордун «Манас» университетине чакыруусун кубануу менен кабыл алганын билдирди.

Rektör Prof. Dr. Ceylan, YÖK Başkanı Prof. Dr. Özvar İle Görüştü

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться