TÜBİTAK ARDEB менен кызматташуу боюнча сүйлѳшүүлѳр жүрдү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

TÜBİTAK ARDEB менен кызматташуу боюнча сүйлѳшүүлѳр жүрдү



2022-жылдын 29-ноябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Түркиянын (TÜBİTAK ARDEB) Илимий жана технологиялык изилдөө кеңеши, Изилдөөлөрдү колдоо программаларын көзөмөлдөө системасынын президенти Женгиз Арыжы менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Түркиядан «Манас» университетине жолдомо менен келген кызматкерлердин долбоордук жүктѳмүн улантуудагы иш-чараларга ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жана Түркиянын Илимий жана технологиялык изилдөө кеңеши, Изилдөөлөрдү колдоо программаларын көзөмөлдөө системасы (TÜBİTAK ARDEB) менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ортосунда ѳз ара пайдалуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты жана кызматташтык мындан ары да үзүрлүү улантыла берерине ишеним билдирди.

Маалымат катары: Түркиянын Илимий жана технологиялык изилдөө кеңеши (TUBITAK) ARDEB - Изилдөөлөрдү колдоо программаларын көзөмөлдөө системасы. Кеңеш Түркиянын эң ири университеттери жана илимий борборлору менен тыгыз кызматташат.

TÜBİTAK İle Proje İş Birliği Görüşmesi

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться