Ректор Түрк университеттер биримдигинин VІ жалпы жыйынына катышты » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Ректор Түрк университеттер биримдигинин VІ жалпы жыйынына катышты



Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Түрк кеңешине караштуу Түрк университеттер биримдигинин VІ жалпы жыйынына катышты.

2022-жылдын 23-ноябрында Казакстандын Түркстан шаарында Кожа Ахмет Ясави атындагы Эл аралык казак-түрк университетинде түрк мамлекеттеринин уюму болгон Түрк университеттер биримдигинин 6-жалпы жыйыны болуп ѳттү.

Жыйынга Казакстан, Түркия, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан, Венгриядан 50гө жакын жогорку окуу жайлардын жетекчилери, окумуштуулар жана студенттер, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, дипломаттар, эксперттер, коомдук жана маданият ишмерлери катышты.

Жыйын Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары, Кожа Ахмет Ясави атындагы Эл аралык казак-түрк университетинин Өкүлчүлүк кеңешинин төрагасы Өмер Кожамандын, профессор Мухиттин Шимшектин, Ясави атындагы Эл аралык казак-түрк университетинин ректору Жанар Темирбекованын куттуктоо сөздөрү менен башталды.

Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп да Казакстан менен Түркиянын ортосундагы бекем байланыштарга басым жасап, түрк дүйнөсүнүн билим жана илим тармагындагы аброюн мындан ары да көтөрүүнү каалады.

Жыйында 2018-2022-жылдары эки мезгил катары менен төрагалык кылган Кожа Ахмет Ясави атындагы Эл аралык казак-түрк университетинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле, «Орхон процесси» программасы, Түрк университеттер биримдигине мүчө өлкөлөрдөн жаңы университеттерди кабыл алуу, Студенттик кеңештин иши, 2023-2024-жылдардын жол картасы жана башка маселелер каралды.

Жыйындын аягында төрагалык Азербайжан Мамлекеттик экономика университетине тапшырылды.

Жыйында КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан “Орхон процесси” алмашуу программасынын алкагында аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, программанын артыкчылыктарын белгиледи.

Ошондой эле университеттин ректор кеңешчиси, профессор Серхат Бурмаоглу да баяндама жасап, Түрк университеттер биримдиги жогорку окуу жайларында комплекстүү кызматташуудагы тажрыйбанын негизинде түзүлгөн “Орхон процесси” алмашуу программасын улантуу боюнча сунушун айтты.

Белгилей кетсек, 2021-жылдан бери “Орхон процесси” алмашуу программасынын координаторлук милдети Кыргыз-Түрк “Манас” университетине берилген.

Жыйында Түрк университеттер биримдигине мүчѳ жогорку окуу жайлардын ѳкүлдѳрү “Манас” университетинин “Орхон процесси” алмашуу программасынын алкагындагы аткарган иштерин жогору баалап, координаторлук милдетти дагы бир мөөнөткө узартуу боюнча пикирлерин сунушташты.

Белгилей кетсек, Түрк дүйнөсү университеттер биримдигинин Түрк кеңеши 2013-жылы түзүлгөн. Учурда Казакстан, Түркия, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Венгриянын 40тан ашык университеттери биримдикке мүчө.


Загрузка плеера...


Rektör Ceylan, Türk Üniversiteler Birliği Genel Kuruluna Katıldı Rektör Ceylan, Türk Üniversiteler Birliği Genel Kuruluna Katıldı Rektör Ceylan, Türk Üniversiteler Birliği Genel Kuruluna Katıldı Rektör Ceylan, Türk Üniversiteler Birliği Genel Kuruluna Katıldı Rektör Ceylan, Türk Üniversiteler Birliği Genel Kuruluna Katıldı Rektör Ceylan, Türk Üniversiteler Birliği Genel Kuruluna Katıldı Rektör Ceylan, Türk Üniversiteler Birliği Genel Kuruluna Katıldı Rektör Ceylan, Türk Üniversiteler Birliği Genel Kuruluna Katıldı Rektör Ceylan, Türk Üniversiteler Birliği Genel Kuruluna Katıldı Rektör Ceylan, Türk Üniversiteler Birliği Genel Kuruluna Katıldı Rektör Ceylan, Türk Üniversiteler Birliği Genel Kuruluna Katıldı Rektör Ceylan, Türk Üniversiteler Birliği Genel Kuruluna Katıldı Rektör Ceylan, Türk Üniversiteler Birliği Genel Kuruluna Katıldı Rektör Ceylan, Türk Üniversiteler Birliği Genel Kuruluna Katıldı Rektör Ceylan, Türk Üniversiteler Birliği Genel Kuruluna Katıldı Rektör Ceylan, Türk Üniversiteler Birliği Genel Kuruluna Katıldı

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться