Юрьевка айылы таза суу менен камсыз болду. » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Юрьевка айылы таза суу менен камсыз болду.

Бул маанилүү окуянын ачылышы Түркия Республикасынын вице-премьер-министри Түркештин катышуусунда өттү.



Ачылыш аземге Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч, Түркиянын эл аралык кызматташтык жана координациялык агенттигинин (ТИКА) Бишкектеги өкүлү, жергиликтүү башкаруу органдарынын башчылары катышты.

Иш-чарада айыл тургундары жана аксакалдары бир топ жылдан бери чечилбей келе жаткан маселени өз колдоруна алып, чечип берген Түркия Республикасына жана Түркиянын эл аралык кызматташтык жана координациялык агенттигине чексиз алкыштарын билдиришти.

Юрьевка айыл тургундарынын бул кубанычтуу күнүндө ачылыш сөзүн сүйлөгөн вице-премьер-министр Йылдырым Тугрул Түркеш элдердин орток тарыхы жана маданиятына басым жасап, кыргыз, месхетиялык түрктөр, орус жана башка ар улуттун өкүлдөрүнүн элет жеринде биримдикте жашап жаткандыгы кубандырарлык экендигин айтып, аларды таза суу менен камсыз болушун куттуктап өттү.

Андан соң иш-чаранын катышуучулары месхетиялык айыл тургунунун үйүндө мейманда болушту.

Кыргызстандын Чүй өрөөнүндө жайгашкан 4500 тургуну бар Юрьевка айылында 1957-жылы курулган суу түтүктөрүнүн эскилиги жетип, таза суу маселеси чоң көйгөйгө айланган.

Түркиянын эл аралык кызматташтык жана координациялык агенттиги тарабынан ишке ашкан долбоордун аркасында 400 метр узундуктагы суу түтүгү тартылып, толугу менен жабдылып, 10 кудук тазаланды. Бир айда бүткөрүлгөн бул иш Юрьевка жана Ысык-Ата айылдарынын суу түтүктөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн арттырды. Айылдыктардын үйлөрүнө, мектеп, бейтапкана сыяктуу социалдык маанидеги имараттарга таза суу киргизилди.

Юрьевка айылы таза суу менен камсыз болду Юрьевка айылы таза суу менен камсыз болду Юрьевка айылы таза суу менен камсыз болду Юрьевка айылы таза суу менен камсыз болду Юрьевка айылы таза суу менен камсыз болду Юрьевка айылы таза суу менен камсыз болду Юрьевка айылы таза суу менен камсыз болду

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться