Кадыр барктуу эл аралык QS (Quacquarelli Symonds) агенттиги жогорку окуу жайлардын “Өнүгүп жаткан Европа жана Борбор Азия” рейтингин жарыялады. 760 жогорку окуу жайы киргизилген тизмеде Кыргыз-Түрк “Манас” университети 281--орунга илинди.
Эскерте кетсек, ушул эле жылы окуу жайыбыз QSтин дүйнөлүк рейтингинде 801-орунга ээ болгон.
Quacquarelli Symonds агенттиги университеттердин эң абройлуу глобалдык рейтингдеринин бири болуп эсептелген QS World University Rankings рейтингин түзөт.
Бул тизмеге Борбордук Азиядан Казакстандан 32 жогорку окуу жай, Кыргызстандан 2, Өзбекстандан 8, Тажикстандан 1 ЖОЖ кирген. Ал эми Борбор Азия ичинен Кыргыз-Түрк “Манас” университети 13-орунду ээледи.
Окуу жайларын баалоодо төмөнкү көрсөткүчтөр колдонулду: академиялык кадыр-баркы, иш-берүүчүлөрдүн арасында кадыр-баркы, студенттер менен профессордук-окутуучулар курамынын сандык айкалышы, чет элдик окутуучулар менен студенттердин саны, илимий даражалуу кызматкерлердин саны, интернет-ресурстарынын натыйжалуулугу, жарыкка чыккан макалалардын профессордук-окутуучулар курамынын ар бир кызматкерине туура келчү саны.
Эң алдыңкы 10 орунду Кытай, Сингапур, Түштүк Корея жана Малайзиянын жогорку окуу жайлары алган.