Дельфи оюндарында “Манастын”студенттери алтын жана күмүш медаль тагынды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Дельфи оюндарында “Манастын”студенттери алтын жана күмүш медаль тагынды



Бишкек шаарында биринчи жолу “Улуу Жибек жолундагы Дельфи оюндары” деп аталган маданий-билим берүүчү долбоордун алкагында “Катыш! Аракет кыл! Жеңип ал!” деген ураан астында Дельфи оюндары ѳттү.

Иш-чара КМШнын алкагындагы Дельфи оюндарынын 20 жылдыгына арналган.

Долбоордун максаты - икусствонун, чыгармачылыктын, аткаруучулук жөндөмдүн ар кыл тармактарында фестивалдык өнөр жарышы үчүн жергиликтүү тажрыйбанын алкагында таланттуу жаштарга шарт түзүү. Маданий көп түрдүүлүккө көмөк көрсөтүү. Эл аралык аянтчаларда жогорудагы тармактардагы жаш лидерлерди табуу жана алардын өсүп чыгышына жол салуу.

Таймаш классикалык, элдик жана заманга бап искусствонун түрлөрүн камтыган 12 номинацияда өтүп, ар бир категория боюнча алтын, күмүш жана коло медалдар ыйгарылды.

Аталган конкурска Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кѳркѳм ѳнѳр факультетинин студенттери да активдүү катышып 2 алтын, 1 күмүш утуп алышты.

Алар:

  1. Кѳркѳм ѳнѳр факультетинин музыкалык искусство бѳлүмүнүн студенти Темирова Мейликан “Эстрадалык ырдоо” боюнча алтын медалга татыктуу болду. Кѳркѳм жетекчиси: КРнын Эл артисти, факультете деканы Анарбек Ибраев.
  2. Театралдык искусство бѳлүмүнүн студенти Кундуз Камчыбек кызы “Кѳркѳм окуу” боюнча алтын медаль тагынды. Кѳркѳм жетекчиси: КРнын Эл артисти, ага окутуучу Калича Сейдалиева.
  3. Музыкалык искусство бѳлүмүнүн студенти Абдирашитова Айзирек күмүш медаль тагынды. Кѳркѳм жетекчиси: КРнын Эл артисти, декан Анарбек Ибраев.
GSF Öğrencilerinin Delfi Oyunlarındaki Başarısı GSF Öğrencilerinin Delfi Oyunlarındaki Başarısı GSF Öğrencilerinin Delfi Oyunlarındaki Başarısı GSF Öğrencilerinin Delfi Oyunlarındaki Başarısı GSF Öğrencilerinin Delfi Oyunlarındaki Başarısı GSF Öğrencilerinin Delfi Oyunlarındaki Başarısı

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться