“Манас” университети “Билим берүүдѳгү илимий инновациялык тенденциялар” аттуу кереге кеңешке катышты » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Манас” университети “Билим берүүдѳгү илимий инновациялык тенденциялар” аттуу кереге кеңешке катышты



2022-жылдын 11-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессордук-окутуучулар жамааты И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Билим берүү жана илим министрлиги менен бергеликте “Эл аралык илим күнүнө” карата уюштурган “Билим берүүдөгү илимий инновациялык тенденциялар” аттуу кереге кеңешке катышышты.

Аталган иш-чара Билим берүү жана илим министрлигинин, Улуттук илимдер академиясынын, Улуттук аттеттациялык комиссиясынын жана жогорку окуу жайлардын ѳкүлдѳрүнүн катышуусунда ѳттү.

Кереге кеңештин жүрүшүндө баяндамалар окулуп, “Кыргызстандагы университет 4.0 жараянынын азыркы абалы жана келечеги”, “Билим берүүдөгү илимий инновациялык тренддер” темалары талкууланды.

Ошондой эле, иш чарада илимий көргөзмө орун алды. Ага «Манас» университети да активдүү катышып, университетте жарык кѳргѳн окуу китептер, журналдар жана окутуучулардын илимий эмгектери кѳргѳзмѳгѳ коюлду.

Кереге кеңештин соңунда Билим берүү жана илим министрлигинин "Илимдин мыктысы" жана “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгилери менен сыйлоо аземи болду.

Анда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультетинин батыш тилдери бѳлүмүнүн башчысы Чолпон Найманова Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Илимдин мыктысы» тѳш белгиси менен сыйланды.

Manas, “Eğitimde Bilimsel Yenilikçi Eğilimler” Temalı Etkinlikte Temsil Edildi Manas, “Eğitimde Bilimsel Yenilikçi Eğilimler” Temalı Etkinlikte Temsil Edildi Manas, “Eğitimde Bilimsel Yenilikçi Eğilimler” Temalı Etkinlikte Temsil Edildi Manas, “Eğitimde Bilimsel Yenilikçi Eğilimler” Temalı Etkinlikte Temsil Edildi Manas, “Eğitimde Bilimsel Yenilikçi Eğilimler” Temalı Etkinlikte Temsil Edildi Manas, “Eğitimde Bilimsel Yenilikçi Eğilimler” Temalı Etkinlikte Temsil Edildi Manas, “Eğitimde Bilimsel Yenilikçi Eğilimler” Temalı Etkinlikte Temsil Edildi

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться