10-ноябрь Ататүрктү эскерүү күнү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

10-ноябрь Ататүрктү эскерүү күнү



Бүгүн Түркия Республикасынын негиздѳѳчүсү жана биринчи президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнѳдѳн кайткан күнү. Буга байланыштуу Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Ататүрктүн дүйнөдөн ѳткѳнүнүн 84 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чара эртең менен Бишкектеги «Ататүрк» атындагы эс алуу паркында Мустафа Кемал Ататүрктүн эстелигинин астына гүл коюу менен башталган.

Андан соң иш-чара университте улантылып, ага окуу жайдын жетекчилери, академиялык жана административдик кызматкердери жана студенттер катышты.

Программанын алдында ректораттын көргөзмө залында «Ататүрк фото жана документтер менен» аттуу көргөзмөсү ачылды.

Жыйын эки өлкөнүн улуттук гимндери жана Мустафа Кемал Ататүрктү 1 мүнөттүк эскерүү менен башталды. Андан кийин Ататүрк жѳнүндѳ даректүү тасма кѳрсѳтүлдү.

Иш-чаранын ачылыш сѳзүндѳ университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Ататүрктүн Түрк дүйнөсү жана адамзат тарыхына, маданиятына калтырган улуу жолу дүйнө жүзүндө сый-урмат менен эскерилерин баса белгилеп, Түркия мамлекети оңой-олтоң курулбаганын, ал Мустафа Кемал Ататүрктүн Чанаккале жеңишиндеги эрдиги менен аскердик гениалдуулугунун аркасында ишке ашканын айтты. Ошондой эле Ататүрк ѳзүнүн кѳргѳчтүгү менен СССРдин кулашын жана Теңир тоодогу байыркы кандаш туугандарыбыз менен бирге болоорубузду алдын ала кѳрѳ билген экен деп кошумчалады.

Андан кийин биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев тарыхта көптөгөн улуу инсандардын жасаган иштери убакыттын өтүшү менен унутулганына карабай, Ататүрктүн жасаган иши унутулбастыгын баса белгиледи. – “Ататүрк Түркиянын эле эмес, адамзаттын тарыхында из калтырган таасирдүү лидер болгон жана бүтүндөй Түрк дүйнөсүнө жакшы үлгү көрсөтүп, түрк эли үчүн жаркыраган келечек куруп берип кеткен. Ал кѳзү тирүүсүндѳ эле “Түрк элинин атасы” деген наамга ээ болгон. Ошондой эле ал ѳлкѳнү илимдүү, билимдүү адамдар башкарышы керек деп илим жана билимге, тилге жана тарыхка ѳзгѳчѳ кѳңүл бурган”, - деп айтып келип, “кыргыз жана түрк бир тууган элинин ортосунда курулган Кыргыз-Түрк “Манас” университети Түрк дүйнѳсүнүн келечегине татыктуу кызмат кылып келе жатат жана ал Кыргызстанда жогорку окуу жайлар арасында лидер болуп калды. Биз мындан ары да чоң бийиктиктерди багынтышыбыз керек”, - деди.

Ачылыш сѳздѳрүнѳн кийин доц.м.а. Кайрат Белек “Мустафа Кемал Ататүрк тууралуу чет элдик илимпоздордун жана саясий ишмерлердин пикирлери” деген темада баяндама жасады.

Жыйын көркөм өнөр факультети тарабынан даярдалган “Ататүрктүн сүйүктүү ырлары” аталышындагы концерттик программа менен соңуна чыкты.


Загрузка плеера...


Ulu Önder Atatürk, Manas’ta Düzenlenen Programla Anıldı Ulu Önder Atatürk, Manas’ta Düzenlenen Programla Anıldı Ulu Önder Atatürk, Manas’ta Düzenlenen Programla Anıldı Ulu Önder Atatürk, Manas’ta Düzenlenen Programla Anıldı Ulu Önder Atatürk, Manas’ta Düzenlenen Programla Anıldı Ulu Önder Atatürk, Manas’ta Düzenlenen Programla Anıldı Ulu Önder Atatürk, Manas’ta Düzenlenen Programla Anıldı Ulu Önder Atatürk, Manas’ta Düzenlenen Programla Anıldı Ulu Önder Atatürk, Manas’ta Düzenlenen Programla Anıldı

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться