Чүй областынын математика мугалимдери үчүн методикалык семинар ѳткѳрүлдү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Чүй областынын математика мугалимдери үчүн методикалык семинар ѳткѳрүлдү



2022-жылдын 14-октябрында Чуй областынын китепканасында кызыктуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты Чүй областынын мектептеринин математика мугалимдерине методикалык сабак берүү жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу алкагында ЖОЖдор менен кызматташуу жолдорун талкулоо болду.

Семинарда Кыргыз-Түрк  “Манас” университетинин профессору Анаркүл Урдалетова жана Борбодук Азиядагы Америкалык университеттин профессору Сыргак Кыдыралиев квадраттык теңдемелерди чыгарууну бир топ жеңилдеткен ыкмалар тууралуу айтып беришти. Профессорлордун презентациясы «Диофант, аль-Хорезми жана квадраттык теңдемелер» деп аталган. Семинарлар адегенде кыргыз тилдүү мектептердин мугалимдерине, андан соң орус тилдүү мектептердин мугалимдерине берилди.

Аль-Хорезми – IX кылымда жашаган атактуу математик, астроном, географ, тарыхчы,  классикалык алгебранын негиздөөчүсү. Ал Орто Азияда төрөлүп-өсүп, окумуштуу катары калыптанган. Мисалга алганда, ал “алгебра” жана “алгоритм” түшүнүктөрүн математикага биринчилерден болуп киргизген.  Презентацияда, учурда квадраттык теңдемелердин жардамы менен чыгарылган маселелерди Диофант жана Аль-Хорезми колдонгон ыкманы жалпылоо аркылуу, эффективдүү чыгаруу жолу сунушталган. Ошондой эле, бул ыкма квадраттык тендеменин тамырларын табуунун белгилүү формуласын жеңил жол менен  алууга болорун көрсөтөт. 

Семинардын катышуучулары математика мугалимдерине методикалык колдонмолордун жана окуу китептеринин жетишсиздигин, математика сабактарын окутуу методикасы боюнча курстарга муктаждыктарын билдиришти. Мугалимдер өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышып, өз ара пикир алышышты. Сабактардын аягында семинардын бардык катышуучуларына китептер белекке берилди. Чүй областык китепканасына 4 китептин бир нече даанасы тапшырылып,  китепкананын фонду толукталды. Бул китептер профессор Анаркүл Урдалетова, профессор Сыргак Кыдыралиев жана алардын коллегалары тарабынан даярдалды. «Математика» жана «Укмуштуудай прогрессиялар» аттуу эки китеп Кыргыз-Түрк  “Манас” университетинде кыргыз тилинде басылып чыккан. Орус тилиндеги  «Республиканские математические олимпиады 2020 – 2021 и 2021-2022 гг. Задачи и решения» окуучуларды олимпиадаларгада даярдоого, ал эми «Живая математика: Максат и другие» мектеп окуучуларынын математиканы түшүнүүсүн жана кызыгуусун арттырууга арналган.

Иш-чаранын катышуучулары семинар абдан мазмундуу жана кызыктуу болгонун белгилеп, ыраазычылыктарын билдиришти.

Matematik Öğretmenlerine Yönelik Seminer Matematik Öğretmenlerine Yönelik Seminer Matematik Öğretmenlerine Yönelik Seminer Matematik Öğretmenlerine Yönelik Seminer Matematik Öğretmenlerine Yönelik Seminer

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться