КТМУда Түркиянын Республика күнү белгиленди » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КТМУда Түркиянын Республика күнү белгиленди



Түркия Руспубликасынын негизделишинин 99 жылдыгы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде кубанычтуу белгиленди.

Иш-чара курман болгондордун урматына бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Андан кийин эки өлкөнүн улуттук гимндери жаңырып, “Республика күнү” аттуу даректүү тасмасы кѳрсѳтүлдү.

Иш-чарага окуу жайдын жетекчилери, университеттин академиялык жана административдик жамааты, студенттер, ошондой эле кыргыз жана түрк коомчулугун ѳкүлдѳрү катышты.

Университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев Түркиянын Республика күнү менен куттуктап, мындан туура 99 жыл мурда ушул күнү Конституциянын кабыл алынышы жана Түркия Республикасы катары жарыяланышы түрк элинин тарыхында унутулгус күн экенин жана Түркия мамлекетинин негиздѳѳчүсү Мустафа Кемаль Ататүрк акылмандыгы жана эрдиги менен мекенин кыйын кырдаалдан куткарып, ѳлкѳ тагдырын толугу менен ѳзгѳрткѳнүн, Мустафа Кемал Ататүрктүн осуяттары жана идеялары азыркы күндѳ дагы түрк элинин жыргалчылыгына жана ийгиликтүү ѳнүгүшүнѳ кызмат кылып жатканын белгиледи.

Иш-чара көркөм өнөр факультети тарабынан даярдалган концерттик программа менен соңуна чыкты.


Загрузка плеера...


Manas’ta Coşkulu Cumhuriyet Bayramı Kutlaması Manas’ta Coşkulu Cumhuriyet Bayramı Kutlaması Manas’ta Coşkulu Cumhuriyet Bayramı Kutlaması Manas’ta Coşkulu Cumhuriyet Bayramı Kutlaması Manas’ta Coşkulu Cumhuriyet Bayramı Kutlaması Manas’ta Coşkulu Cumhuriyet Bayramı Kutlaması Manas’ta Coşkulu Cumhuriyet Bayramı Kutlaması Manas’ta Coşkulu Cumhuriyet Bayramı Kutlaması Manas’ta Coşkulu Cumhuriyet Bayramı Kutlaması Manas’ta Coşkulu Cumhuriyet Bayramı Kutlaması

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться