«Манас» университетинин 2022-2023-окуу жылы салтанаттуу ачылды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

«Манас» университетинин 2022-2023-окуу жылы салтанаттуу ачылды



2022-жылдын 25-октябрында A.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 2022-2023-окуу жылынын салтанаттуу ачылыш аземин болуп өттү.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 2022-2023-окуу жылынын салтанаттуу ачылыш аземинде университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан: “Кыргызстандагы, Борбордук Азиядагы эң абройлуу жана алдыңкы окуу жайы катары “Манас” университети окуу-тарбиялык жана илимий изилдөө иштери, коомго маданий жана көркөм өнөр жаатында көрсөткөн кызматтары аркылуу өз максаттарына жетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт”, - деп айтып келип, илим, тарбия жана жогорку билим берүү жаатында алгылыктуу иштерди аткарып, жаңы кадамдарды таштаган окуу жайыбыз бул позициясын, келечекке алып барчу күчүн сиздер - “Манас” университетинин кадырлуу окутуучуларынан, студенттеринен, мүчөлөрүнөн жана досторунан ала турганын айтып, студенттерге келечекте аткарыла турган иштер тууралуу айтып, дем-күч берди.

Муну да унутпагыла! “Манас” университетинде билим алууну биринчи орунга коюп тырышып окуйсуздар жана аябай чарчайсыздар. Ошону менен бирге “Манас” университетинин академиялык жана институционалдык маданияты, студенттик коомчулуктарынын иштери, маданий жана спорттук иш-чаралары сиздердин бардык күтүүлөрүңүзгө жооп бере алат.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Түрк "Манас" университети сапаттуу билим берүүдө алдыга озуп чыгып, дүйнөлүк аренада өз ордун көрсөтө алды. Окуу жайыбыз дүйнөлүк университеттердин престиждүү Times Higher Education (THE) Impact Ranking 2022 рейтингине кирген Кыргызстандагы ЖОЖдордун сап башында турду. Келерки окуу жылында алдыңкы беш жүз университеттин катарына кирүүнү максат кылабыз.

Жаңы окуу жылына карай жаңы пландарыбыз абдан кѳп. Ѳткѳн окуу жылындагы жаңылыктарыбызды да атай кетейин, алардын бири Кыргыз Республикасындагы гана эмес, дүйнѳлүк масштабдагы окуу жайлардын ичинен “Манас” университетинде биринчилерден болуп Түрк тилдүү элдердин салттуу спорт оюндарын уюштуруп, атайын ат майданын ачтык. Университет ата-бабалардын унутта калып бара жаткан салттуу оюндарын жандантууга кам кѳрүп, салттуу оюндарды жайылтуу, элдердин түпкү тамыры, теги менен байланышын бекемдѳѳ жана жаштардын кызыгуусун башка нукка бурууну максат кылат.

Ректор университеттин жетишкендиктерине окуу жайдын академиялык жана административдик кызматкерлеринин кошкон салымы жана орду абдан маанилүү экендигин баса белгилеп, жаңы окуу жылынын ачылышы менен кызуу куттуктады жана студенттерге чын ден соолук, окуудагы ийгиликтерди каалады.

Университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев жыйырма жети жылдык университеттин тарыхында жаңы типтеги университет болуп курулуп, азыр дүйнөлүк аренага таанылган, абройлуу жогорку окуу жайга айлана алганын айтып, келечекте жасала турган иштерге токтолду:

Жаңы окуу жылына кандай максаттарды коюп жатабыз? Биз мындан 10 жыл мурда стратегиялык планыбызды түзгөндө кайсы тарапка багыт алабыз деген чоң талкуу болгон. Натыйжада биз эл аралык аренада  атаандаш боло турган бир университет болушубуз керек деген багыт алдык. Себеби эки боордош өлкө, Кыргызстан жана Түркия бир максат кылып жаштарыбызга заманбап билим берүүнү койдук. Заманбап билим заманбап университетте гана берилет. Ал заманбап университетти ким ошондой деңгээлге чыгарат? Эң жогорку сапаттагы профессордук-окутуучулук курам, университеттин билим берүү, илимий изилдөө инфраструктурасы жана билим алууга жагымдуу экосистема. Биз эл аралык аренада жарышыш үчүн ошол эл аралык аренанын тартиптерин жана критерийлерин курадык. Мына бүгүнкү күнгө чейинки бүтүн биздин жетишкендиктер көп жыл боюу биздин университетти эмгектенип келе жаткан мугалимдерибиздин эмгектери менен болду деп эсептейм.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 2022-2023-окуу жылынын салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу катышып, эки өлкө ортосундагы окуу жай 10 миңден ашуун жаштарга акысыз жана сапаттуу билим берип, кесипкөй адистерди даярдап келет деп билдирди.

“Кыргыз-Түрк “Манас” университети заманбап материалдык-техникалык база менен камсыз болуп, коомдук жана табигый илимдер багытында бакалавр, магистратура жана докторантура деңгээлдеринде 70тен ашуун билим берүү программаларын ишке ашырып келет. Кээ бир программалары, мисалы журналистика жаатында негизги кадр даярдоо устаканасы болуп калгандыгы баарыбызга маалым”, - деди ал.

Ошондой эле министрдин орун басары университеттердин орду жана салмагы дүйнөлүк рейтингдер менен өлчөнөрүн жана бул жаатта “Манас” университети өрнөк боло аларын белгиледи.

Куттуктоо сөздөрүнөн кийин “Түрк дүйнөсү жана түшүнүктөр картасы” аттуу жаңы окуу жылынын ачык сабагын Түркиядан келген профессор Мехмет Акиф Окур өттү. Андан кийин Түркиянын колунан көөр төгүлгөн уздардын колунан жаралган Селчук, Осмон доорундагы кийимдердин «Султандар саркечтиги» көргөзмөсү иш-чарага көрк кошсо, эстрада жылдыздары жана университеттин хору тартуулаган концерттик программа шаңга бөлөдү.

Эскерте кетсек, быйыл «Манас» университети бир жарым миңден ашуун студент кабыл алды. Окуу жайда үч жүз сексенден ашык боордош Түркиядан жана Кыргызстандан окутуучулар иштейт жана алты миңден ашык студент окуйт. Жалпысынан, токсон программада билим берет. 

 

 

 


Загрузка плеера...


Manas’ta Akademik Yıl Coşkulu Bir Törenle Açıldı Manas’ta Akademik Yıl Coşkulu Bir Törenle Açıldı Manas’ta Akademik Yıl Coşkulu Bir Törenle Açıldı Manas’ta Akademik Yıl Coşkulu Bir Törenle Açıldı Manas’ta Akademik Yıl Coşkulu Bir Törenle Açıldı Manas’ta Akademik Yıl Coşkulu Bir Törenle Açıldı Manas’ta Akademik Yıl Coşkulu Bir Törenle Açıldı Manas’ta Akademik Yıl Coşkulu Bir Törenle Açıldı Manas’ta Akademik Yıl Coşkulu Bir Törenle Açıldı Manas’ta Akademik Yıl Coşkulu Bir Törenle Açıldı Manas’ta Akademik Yıl Coşkulu Bir Törenle Açıldı Manas’ta Akademik Yıl Coşkulu Bir Törenle Açıldı Manas’ta Akademik Yıl Coşkulu Bir Törenle Açıldı Manas’ta Akademik Yıl Coşkulu Bir Törenle Açıldı Manas’ta Akademik Yıl Coşkulu Bir Törenle Açıldı Manas’ta Akademik Yıl Coşkulu Bir Törenle Açıldı Manas’ta Akademik Yıl Coşkulu Bir Törenle Açıldı Manas’ta Akademik Yıl Coşkulu Bir Törenle Açıldı Manas’ta Akademik Yıl Coşkulu Bir Törenle Açıldı Manas’ta Akademik Yıl Coşkulu Bir Törenle Açıldı Manas’ta Akademik Yıl Coşkulu Bir Törenle Açıldı Manas’ta Akademik Yıl Coşkulu Bir Törenle Açıldı Manas’ta Akademik Yıl Coşkulu Bir Törenle Açıldı

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться